Талаа-түздө эл аралаган өкмөт башчы. Султан Ибраимовдун эл көрө элек сүрөттөрү
Талаа-түздө эл аралаган өкмөт башчы. Султан Ибраимовдун эл көрө элек сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун туулган күнү. Саясатчынын көзү тирүү болгондо быйыл 92 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул... 20.09.2019, Sputnik Кыргызстан
Бүгүн мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун туулган күнү. Саясатчынын көзү тирүү болгондо быйыл 92 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул күнгө улай кыргыз элинин чыгаан уулунун сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Саясатчы 1927-жылы 20-сентябрда Чүй аймагынын Алчалуу айылында туулган. Ал эмгек жолун өзүнүн айылында колхозчу, тракторлуктан баштап, өкмөт башчысы болгонго чейин жетишкен.
Ибраимов Кыргыз ССРинин суу чарба жана мелиорация министри, Кыргызстан КП БКнын катчысы, Ош обкомунун 1-катчысы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы кызматтарын аркалаган. Эки Ленин, Октябрь революциясы ордендери, медалдар менен сыйланган. Быйыл гана Султан Ибраимовго (каза болгондон кийин) "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.
Белгилүү саясий ишмердин уул-кыздары ар кыл тармактарда эмгектенип келишет. Алардын арасында илимпоз, журналист, дарыгер, дипломат, коомдук ишмерлер да бар