Сейрек сүрөттөр! Белгилүү саясатчылар окуучу кезинде кандай эле
Сейрек сүрөттөр! Белгилүү саясатчылар окуучу кезинде кандай эле
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги 1-сентябрь — Билим күнүн утурлай белгилүү саясатчылардын жана коомдук имшерлердин окуучулук кезиндеги сүрөттөрүн... 01.09.2019, Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги 1-сентябрь — Билим күнүн утурлай белгилүү саясатчылардын жана коомдук имшерлердин окуучулук кезиндеги сүрөттөрүн сунуштайт.
Сүрөт түрмөктө өлкө башчыдан тарта министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана элчи бар.
Ошол кезде эле чыкыйта костюмду кийип... Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков (солдо) Таластагы Кара-Буура районунун Сатыке айылындагы орто мектепте билим алган.
Кыргызстандын Россия жана Армениядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Украинанын Харьков шаарындагы мектепте 3-класста окуп жүргөн кези. Окууну кийинчерээк Фрунзеден бүткөн.
Болочок министр. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин башкарган Эркинбек Чодуев Оштогу мектеп-интернатта окуп жүргөн учуру. Сүрөттө солдо биринчи катарда турат.
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов Талас районундагы "Манас" лицейинде 8-класста окуп жүргөн кези. Сүрөттө ортодо ээгин таянып турган бала.
Жерде отуруп түшкөн бүтүрүүчүлөрдүн арасында оңго карай экинчиде отурган, бир колуна саат, экинчи колуна браслет тагынган жигит Тазабек Икрамов. Жогорку Кеңештин депутаты Сузак районундагы №31 Чанаков атындагы орто мектепти аяктаган.
"Кыргызстан" фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Айнура Аскарованын мектеп босогосун аттаган учуру. Ал Чүй облусундагы Өмүралы Исаев атындагы орто мектепти бүтүргөн.