00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:08
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбеков Путин менен жолугуп, ыраазычылык билдирди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРабочая поездка президента РФ В. Путина в Приволжский федеральный округ
Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Приволжский федеральный округ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 20-сентябрда, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков "Центр-2019" ири аскер машыгууларына катышуу үчүн Россияга учуп кеткен.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Оренбург облусунун "Донгуз" полигонунда Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин өзүнчө жолугушуусу болду. Бул тууралуу Кремлдин сайтында маалымдалат.

Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Приволжский федеральный округ - Sputnik Кыргызстан
Дүрбүчөн Жээнбеков, байкоо салган Путин. Оренбургдагы машыгуунун видеосу
Белгилей кетсек, бүгүн, 20-сентябрда, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков "Центр-2019" ири аскер машыгууларын көрүү үчүн Россияга учуп кеткен.

Жолугушууда Путин Кыргызстан аскерлеринин "Центр – 2019" машыгууларына катышып жатканы абдан маанилүү экенин белгиледи. Россиянын президенти бул машыгуулар аскер куралдуу күчтөрүнүн ар кандай окуяларга даяр болушун шарттай турганын кошумчалады.

"Биз ар кандай себеп менен түрдүү жерлерде кездешип жүрөбүз, бирок биргеликте машыгуу өткөрүү өзгөчө себеп. Бардык тармакта кызматташууну улантып жатабыз. Эң башкы маселе катары экономикалык жактан кызматташууну талкуулап келебиз. Ал да жакшы өнүгүүдө. Былтыр 17 пайызга өсүш болсо, быйыл андан да көбөйүп жатат", — деди ал.

Путин ошондой эле аскерий техникалык жактан кызматташуу жакшы жолго коюлуп жатканын белгиледи. Аны менен катар бул машыгууга 128 миң аскер жана 600 учуучу техника тартылганын айтты.

Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге ыраазычылыгын билдирди.

"Жолугушуулардын байма-бай өтүп жатканына кубанычтабыз. Бул сиздин эмгегиңиз. Ишиңиздин көптүгүнө карабай бардык нерсеге убакыт бөлүп келесиз. Аскердик машыгуунун ийгиликтүү аякташы менен куттуктайм. Чакырганыңыз үчүн рахмат", — деди Жээнбеков.

Ал, андан сырткары, аскерлердин эки тараптуу активдүү кызматташып жатканын белгилеп, Кыргызстан менен Россия ишенимдүү дос, өнөктөш экенин билдирди. Ошондой эле Кыргызстан Россия менен болгон келишимдерди аткарууга дайыма аракет кылып келгенин жана ал боюнча такай иштер жүрө турганын айтты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0