00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садык Шер-Нияз жаңы дайындалган билим берүү министрине эскертүү берди

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловДепутат ЖК Садык Шер-Нияз
Депутат ЖК Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңеш 107 добуш менен Каныбек Исаковду билим берүү жана илим министри кызматына колдоду.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз билим берүү министри болуп жаңы шайланган Каныбек Исаковго каалоо сөзүн айтты.

Эл өкүлү жаңы министрдин буга чейин ээ болгон сый-урматы ылайга оонатылбаса экен деген кабатырлануусун билдирди.

"Менин коркконум — ошол сиздин асыл атыңызды ылайга оонатышпаса болду. Анткени бул министрлик деген чоң орган, анын ичинде Советтер Союзунан бери калыптанып калган мафия, кирди-чыкты жумуштар жана килем алдындагы оюндар абдан көп болот", — деди Шер Нияз.

Депутат ЖК Рыскелди Момбеков - Sputnik Кыргызстан
Момбеков: окуучулар күнүнө 7 сомдук, ИИМдин иттери 100 сомдук тамак ичет
Депутат, андан сырткары, Исаковго саясатчы да болуу керектигин эскертти.

"Бул жерде саясатчы да болуу керек. Латын тамгасы тууралуу айттыңыз. Мындай сөздөрдөн абай болуңуз. Бул оор багыт. Мына Каныбек Иманалиев экөөбүз 10 жылдан бери байыркы кыргыз жазуулары тууралуу мыйзамды өткөрө албай келебиз. Коомдо кандай каршылыктар болгонун бир карап көрүңүз", — деди депутат.

Эл өкүлү жаңы шайланган министр буга чейин Оштогу уюштуруучулук иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына татыктуу экенин кошумчалады.

"Сизге, албетте, ийгилик каалайбыз. Бизден кандайдыр бир жардам керек болсо келип туруңуз. Бекем болуңуз, чечкиндүү болуңуз, мансап үчүн, кызмат үчүн өзүңүздүн бийик атыңызды тебелетпеңиз. Сиздин намысыңызга, кадыр-баркыңызга, абийириңизге шайкеш келбеген иштерди кылгандан көрө ошол министрлик кызматтан баш тартып кетип калган жакшы", — деген каалоосун айтты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары 11-сентябрдагы жалпы жыйында билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, 107 добуш менен аны колдоого алды. Исаков буга чейин Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0