00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ажырашкан ата-энем талашып, бутум үзүлүп кетиптир. Үйлүү болгон майып бүлөнүн видеосу

Жазылуу
Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Таш айылынын тургуну Жаркынай Абдураимова майып. Өзү эле эмес, жолдошу, эки баласынын дагы майыптыгы бар. Жакында эле бул бүлөнү милициянын пенсияга чыккан майору, учурда ишкерлик менен алектенген Толкун Турдукулов үйлүү кылды.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы жаңы тамдуу болгон бүлөнүн тагдыры менен таанышып келди.

Жаркынай Абдураимова 42 жашта, төрт баланын апасы. Бала кезинен эле бутунан майып.

"Ата-энем кичине кезимде ажырашып кетип, мени талашып жатканда бутум үзүлүп кетиптир. Ошентип чоң эне, чоң атамдын колунда чоңоюптурмун. Кийин алар бутума операция жасатышкан экен. Азыр 3-топтогу майыпмын, жөлөк пул алам", — деди ал.

Постройка дома для малоимущей семьи в селе Кара-Кулджа Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Күтүүсүз белек! Кара-Кулжада 20 жылдыктар майып классташына үй куруп беришти
Абдураимованын  жолдошу Мусабек Насировдун да буту жакшы баспайт экен. 2009-жылы Насировду терек басып калып, каргашанын айынан ал дагы операция жасатууга аргасыз болгон.

"Он жыл мурда тааныш жигиттер терек кыюуга жардам берип койчу деп чакырды. Жардамга баргам, терек мени көздөй кулап сол бутумду басып калды. Жыйынтыгында санымдын сөөктөрү сынып кетиптир. Төрт жолу операция жасатып, акыры дарыгерлер саныма темир коюшкан", — деди Насиров.

Анын буттары азыр кайра шишип жатыптыр. Операция жасатуу үчүн дарыгерлер 60 миң сомдой каражат керектигин айткан. Бирок бул бүлөдө андай каражат жок. Анткени үйдө жубайлардан тышкары эки баласынын дагы майыптыгы бар.

"Улуу кызым Гүлзар учурда 21 жашта. Тили 8 жашында араң чыкты. Азыр да жакшы сүйлөй албайт, 2-топтогу майып. Быйыл жазында майыптыгы бар адамга турмушка чыккан, бирок баланын ата-энеси кызымдын абалын туура түшүнбөй, акыры ажырашып кетишти", — деди Абдураимова.

Иса Өмүракунов менен Таалайгүл Арзыматова асырап алган балдары менен - Sputnik Кыргызстан
Оорусак айланчыктап калышат. 20дан ашык бала баккан Өмүракуновдордун баяны
Жубайлардын экинчи уулу да жакшы сүйлөй албайт. Ал эми андан кийинки эки баласынын ден соолугу жакшы. 15 жаштагы баласы орто окуу жайда студент болсо, кичүүсү Раяна мектепте окуйт.

Дубалдары урайын деген үйдө жашаган бул бүлөгө айылдашы, милициянын пенсиядагы майору Толкун Турдукулов үч бөлмөлүү үй салдырып берген. Азыр Насировдор жаңы үйдө жашап жатышат.

"Биздин оор абалыбызга кайдыгер карабаган айылдашыбыз Толкун Турдукуловго ыраазычылык билдирем. Себеби таене, таятамдан калган үй урап калуу коркунучунда эле. Кыш түшө электе жаңы тамга кирип жашап жатабыз", — деди Насиров.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖаркынай Абдураимова: таене, таятамдан калган үй урап калуу коркунучунда эле.
Жаркынай Абдураимова: таене, таятамдан калган үй урап калуу коркунучунда эле. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жаркынай Абдураимова: таене, таятамдан калган үй урап калуу коркунучунда эле.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖаркынай Абдураимованын эски үйүнүн абалы
Жаркынай Абдураимованын эски үйүнүн абалы - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жаркынай Абдураимованын эски үйүнүн абалы
1/2
Жаркынай Абдураимова: таене, таятамдан калган үй урап калуу коркунучунда эле.
2/2
Жаркынай Абдураимованын эски үйүнүн абалы

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда дагы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр майып классташына үй куруп берген. Окуя менен толук бул жактан таанышыңыз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0