00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Терпеть или лечить - неврологи о головной боли, мигрени и опасных симптомах
14:05
60 мин
Ачык кеп
Ala-Too Trade & Industry Expo — өнөр жайдагы жаңы мүмкүнчүлүктөр
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
КамАЗ, ГАЗ и АвтоВАЗ в Бишкеке - чем выставка Ala-Too Expo полезна кыргызскому бизнесу
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Өлүмгө алып барган түтүн: эмне үчүн тамеки кыргызстандыктардын саламаттыгына эң чоң коркунучтардын бири бойдон калууда
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Сели, паводки и таяние ледников - в КР меняют систему мониторинга климатических рисков
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Кадыржан Кыдыралиев: кыргыз киносунун алтын муунунун өкүлү
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ИИ как геополитика, вода как этика и железная дорога как шанс - большой разговор о будущем Центральной Азии
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
Ачык кеп
Ala-Too Trade & Industry Expo — өнөр жайдагы жаңы мүмкүнчүлүктөр
21:11
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күтүүсүз белек! Кара-Кулжада 20 жылдыктар майып классташына үй куруп беришти

© Фото / Откурбек АйтмаматовПостройка дома для малоимущей семьи в селе Кара-Кулджа Ошской области
Постройка дома для малоимущей семьи в селе Кара-Кулджа Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1999-жылы мектепти бүтүргөн классташтар үй салууга бир миллион сомго чукул акча сарпташкан.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү классташына үй куруп беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине бүтүрүүчүлөрдүн бири Өткүрбек Айтмаматов билдирди.

© Фото / Откурбек АйтмаматовОш облусунун Кара-Кулжа районунун 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү классташына үй куруп беришти
Күтүүсүз белек! Кара-Кулжада 20 жылдыктар майып классташына үй куруп беришти - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү классташына үй куруп беришти

Айтымында, алар үй куруп берген классташы Өмүрбек Пусуров 1-топтогу майып.

"Эргеш Осмонов атындагы орто мектепти 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр классташыбыз Өмүрбек Пусуровго 3 бөлмөлүү үй куруп бердик. Өмүрбек өзү майып, эки баланын атасы. Буга чейин ураганы калган эки бөлмөлүү тамда оокат кылчу. Ошол себептен бүтүрүүчүлөр чогулткан акчабызды башка нерсеге жумшабай, классташыбызга кайрымдуулук кылууну чечтик", — деди Айтмаматов.

© Фото / Откурбек Айтмаматов1999-жылы мектепти бүтүргөн классташтар үй салууга бир миллион сомго чукул акча сарпташкан
Күтүүсүз белек! Кара-Кулжада 20 жылдыктар майып классташына үй куруп беришти - Sputnik Кыргызстан
1999-жылы мектепти бүтүргөн классташтар үй салууга бир миллион сомго чукул акча сарпташкан

Там салып гана бербестен классташтары идиш-аягынан төшөктөрүнө чейин жаңыртып беришкен.

Жаңы конуштуу болгон Өмүрбек Пусуровдун келинчеги Гүлназ Омокова мындай үйлүү болобуз деп ойлобогонун айтты.

© Фото / Откурбек АйтмаматовТам салып гана бербестен классташтары идиш-аягынан төшөктөрүнө чейин жаңыртып беришкен
Күтүүсүз белек! Кара-Кулжада 20 жылдыктар майып классташына үй куруп беришти - Sputnik Кыргызстан
Там салып гана бербестен классташтары идиш-аягынан төшөктөрүнө чейин жаңыртып беришкен

"Жолдошум майып болсо, мындай кычыраган үйдү сала алмак эмеспиз да. Өзүм да балдар менен үйдөмүн, иштебейм. Классташтар там салып берерин айтканда кубанганыбызды айтпаңыз. Балдарыбыз да бөлмөдөн бөлмөгө чуркап, жыргап жатышат. Биз үчүн күтүүсүз белек болду. Классташ балдар там куруп берсе, аяштарым үйүмдү толтуруп идиш-аяктын түрүн, төшөк, эмеректен бери алып беришти. Кубанычыбызга чек жок, баарына ырахмат айтып атабыз", — деди Омокова.

1999-жылы мектепти бүтүргөн классташтар үй салууга бир миллион сомго чукул акча сарпташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0