Соболду Икрамовго оодара коюп... Гүлмира Кудайбердиева тууралуу 7 факты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСовещание по вопросу организации и отправки гуманитарной помощи этническим кыргызам, проживающим на Большом и Малом Памире Исламской Республики Афганистан
Совещание по вопросу организации и отправки гуманитарной помощи этническим кыргызам, проживающим на Большом и Малом Памире Исламской Республики Афганистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматтан алынды.

Президенттин маалымат кызматы үч жылдан бери билим берүү тармагын тескеп келе жаткан Гүлмира Кудайбердиева өз арызы менен кеткенин айтты.

Министр айым элдин эсинде эмнеси менен калганын эстөө үчүн Sputnik Кыргызстан ал тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.

Баткендин кызы

Гүлмира Кудайбердиева 1966-жылы 23-сентябрь күнү Баткен облусунун Исфана шаарында туулган. Ошол эле шаардагы кыргыз-орус тилдүү Гагарин атындагы гимназияда окуган. Атасы инженер болгон. Ал кызы 10-классты аяктап жатканда жол кырсыгынан көз жумган. Апасы көп жыл райондук ооруканада эмгектенген. Гүлмира Кудайбердиева үч кыздын кичүүсү. Эки эжеси апасынын жолун жолдоп дарыгерликти аркалаган. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевГүлмира Кудайбердиева 1966-жылы 23-сентябрь күнү Баткен облусунун Исфана шаарында туулган
Соболду Икрамовго оодара коюп... Гүлмира Кудайбердиева тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Гүлмира Кудайбердиева 1966-жылы 23-сентябрь күнү Баткен облусунун Исфана шаарында туулган

Билими жана алгачкы жумушу

Эки жогорку билими бар. Алгач орус тили жана адабияты адистиги боюнча педагогикалык институтту актаган. Андан соң Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен юриспруденция факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы №20 орто мектепте мугалим болуп 1988-жылы баштаган.

Үй-бүлөсү

Мурдагы министр бир уул, бир кыздын энеси. Небереси бар. Редакцияга берген маегинде жолдошу менен ажырашканына көп жыл болгонун айтып берген. Ал дагы кесиби боюнча мугалим болгон.

Депутаттын жардамчысы

2000-2005-жылы Жогорку Кеңеште эмгектенген. Алгач парламенттин аппаратында депутаттын жардамчысы болуп иштеген. Андан соң мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болгон. 2005-жылы парламенттин аппаратынан кетип, Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборунун директору болуп дайындалган. 

© Фото / Ольга Ниязалиева Эки жогорку билими бар. Алгач орус тили жана адабияты адистиги боюнча педагогикалык институтту актаган.
Соболду Икрамовго оодара коюп... Гүлмира Кудайбердиева тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Эки жогорку билими бар. Алгач орус тили жана адабияты адистиги боюнча педагогикалык институтту актаган.

Айлыгы жана байлыгы

Sputnik министрлердин айлык акысы тууралуу макала даярдаган. Анда министр айымга билим берүү тармагы үчүн кылган кызматына ай сайын 35 миң 900 сом айлык чыгары, бирок колуна 28 миң 785 сом берилери белгилүү болгон. 2017-жылкы декларациясы боюнча, анын жылдык кирешеси 448 миң сомду түзгөн. Ошондой эле өзүнүн атына 92 чарчы метрлик батир катталган.

Катачыл министр

Кудайбердиева министр болуп келгенден бери каталар көп кетти. Жаңы китеп чыкса деле, форумдун аты жазылса деле, диплом, аттестаттарда деле, айтор көп жерлерде. Кызыгы, Гүлмира айым эч качан жетекчи катары күнөөсүн моюндаган эмес. Ар дайым басмакана күнөөлүү экенин айтып келген. 

Окуу китептери эмнеге Индия, Италия, Вьетнамдан басылат? Министр менен чуулуу маек - Sputnik Кыргызстан
Окуу китептери эмнеге Индия, Италия, Вьетнамдан басылат? Министр менен чуулуу маек
Жыл башында Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министрлигин текшерип, окуу китептерин чыгарууда бир катар кемчиликтер кеткенин аныктаган.  Көзөмөл органы ушул китептерди басууда мыйзамсыз түрдө 32 миллион 749 миң сом корогонун аныктап, Билим берүү жана илим министрлигине кылмыш ишин козгогон. Бирок кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айрым окуу китептеринде кетирилген каталар боюнча Гүлмира Кудайбердиеваны айыптоо акылга сыйбаган нерсе экенин айтып, аны коргоп чыккан.

Дагы бир ири ката быйылкы жылдын март айында өткөн Кыргызстан менен Россия ректорлорунун форумунда трибунадагы жазуудан кеткен. Анда "Первый форум ректоров вузов Российской федерациии Кыргызской Республики "Развитие науки и образования-инвестиции в будущее" деп жазып, эки жерден ката болуп калган эле. Бирок Кудайбердиева жазуудан эч кандай ката көрбөгөнүн айтып, бул болгону типографиянын кемчилиги деп чыккан

Мындан тышкары, диплом, аттестаттардан дагы ката чыккан. Тагыраагы, быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттарда бир нече ката бар экенин жарандар социалдык тармактарга жазган. Өз кезегинде министрлик мүчүлүштүк басмаканадан кеткенин айткан. Бул боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы иш козгогон. Натыйжада ката менен чыккан аттестаттар алмаштырылып, "Учкун" ачык акционердик коомунун бир кызматкери жумуштан алынган.

Ал эми июлдун аягында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын бүтүрүүчүлөрү ката жазылган дипломдор берилип жатканын айтып кайрылган. Ушул эле окуу жайдын маалымат кызматы ката басмаканадан кеткенин билдирип, дипломдор оңдолгонун белгилеген.  Кийинчерээк Медакадемиянын оңдоп берген дипломунан кайра ката чыкканы белгилүү болгон

© Sputnik / Эмиль СадыровЭс алчы! Ортодон чыга калган Икрамов журналистти Кудайбердиеванын көзүнчө какты. Видео
Соболду Икрамовго оодара коюп... Гүлмира Кудайбердиева тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Эс алчы! Ортодон чыга калган Икрамов журналистти Кудайбердиеванын көзүнчө какты. Видео

Сыйлык чуусу

Парламент депутаты Тазабек Икрамовго "Билим берүүнүн мыктысы" наамы берилгенден кийинки окуя көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Соцтармак колдонуучуларынын арасында нааразы болгондор көбөйүп, кийин сыйлык канчалык мыйзамдуу экенин билүү үчүн министрге кайрылууга туура келген. Ал наам ыйгарууда мыйзам бузуу болбогонун айткан эле. Ал тургай парламенттин коридорунда журналисттин суроосуна жооп берип жатып, капысынан алдынан чыга калган Икрамовдун өзүнө сөздү оодара койгон жайы бар. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0