Аттестаттагы каталар боюнча кылмыш иши козголду

© SputnikАттестат. Архив
Аттестат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталган.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Аттестаттардагы каталар боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган факты Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталган.

"Сотко чейинки тергөө амалдары учурунда 2019-жылы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр үчүн ката жазылган 95 миң аттестат тапшырылган. Анда "жөнүндөгү" деген сөздөгү "н" тамгасынын ордуна "ң" тамгасы колдонулган. Ошондой эле Нарын облусундагы Туз айылында бүтүрүүчүлөргө берилген аттестаттын орусча жазылган жеринде "реднюю" деген сөз ашыкча жазылган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттарда бир нече ката бар экенин жарандар социалдык тармактарга жазган. Өз кезегинде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин жыйынында ката басмаканадан кеткенин айтып, депутаттарды ишендирүүгө аракет кылган болчу.

Ал эми кечээ жакында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков атайын маалымат жыйында Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистинин "билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын айланасында айтылган сын пикирлерден улам анын отставкага кетүүсүнө кандай карайсыз?"деген суроосуна министрди кызматтан алууга эч кандай негиз жок экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0