ЖККУнун "Кант" авиабазасынын жоокерлери кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Авиабазанын жетекчиси Денис Сафонов учкучтар, Россиянын Коргоо министрлигинин №2 мектебинин директору жана "Новое поколение" отрядынын мүчөлөрү менен видео куттуктоо жаздырган.
"Өзүмдүн жана авиабазанын атынан өлкөнүн башкы майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм", — деди Сафонов.
Ошондой эле авиабазанын кызматкерлери кыргызстандыктарга ден соолук, бейпилдик жана тынчтык каалашты.