Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Ишембиде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 31-августта күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул туурасында Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Осень в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кар жаап, суук болот! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Таласта +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын жергесинде +22...+27 градус болмокчу.

Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +29...+31, Бишкекте +27...+29 градуска жетет.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында күндүн табы +23...+25 градус болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0