00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев Салянова жана Атаханов менен бетме-бет жолукту. Адвокат эмне дейт?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБывший президент Алмазбек Атамбаев и бывшим вице-премьер Шамиль Атаханов
Бывший президент Алмазбек Атамбаев и бывшим вице-премьер Шамиль Атаханов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юрист Сергей Слесаревдин айтымында, ал адвокат Замир Жоошев менен УКМКга барып, экспертизанын жыйынтыгы менен таанышкан.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан мыйзамсыз чыгып кетиши боюнча тергөө аяктап калды. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, адвокат Замир Жоошев экөө УКМКга барып, экспертизанын жыйынтыгы менен таанышкан.

"Жакында бардык документтер сотко берилет. Башкача айтканда, Батукаевдин бошотулушу боюнча тергөө аяктап жатат. Буга чейин Атамбаев экс-башкы прокурор Аида Салянова жана мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов менен бетме-бет жолуккан. Бул процессти мыйзамсыз болгон деп ойлойм, анткени мен жактап жаткан киши кандайдыр бир көрсөтмө берүүдөн баш тарткан", — деди Слесарев.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, Аламүдүн соту тарабынан 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылган деп бошотулуп, Кыргызстандан Грозныйга учуп кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Текебаев Жээнбеков менен Атамбаевдин айланасындагы окуяларга баа берди
Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Батукаевдин бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин да түз тиешеси болгон деген кине менен мурунку президенттин өкүлдөрүнө үч ирет суракка чакыруу берилген. Атамбаев ИИМге баруудан баш тарткандан кийин 7-август күнү УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү мурунку президентти мажбурлап алып келүү тапшырмасы менен анын Кой-Таштагы үйүнө басып кирген. Бирок Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, акыркы маалыматтар боюнча 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган.

8-августта ИИМдин операциясынан кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 26-августка чейин камакта калтырган. Бирок 20-августта сот аны 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0