Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Жума күнү өлкө боюнча күн ачык болору айтылды.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. 30-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, Чүйдө +24…+29, Талас облусунда +23…+28 градус жылуу болору айтылды.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад жергесинде +27…+32 градус ысык болот.

Нарын аймагында +20…+25 жана Ысык-Көл жергесинде +21…+26 градус болору болжолдонду.

Ош жана Бишкек шаарында күн ачык болуп, абанын температурасы Ошто +30...+32, Бишкекте +27...+29 градуска жетет.

Ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0