Шаардык прокуратуранын маалыматына ылайык, 2018-жылы Бишкекте уурулук өтө көп катталып, анын саны 6000 миңден ашкан. Жасалган кылмыштардын арасында алдамчылыктын саны 2500дөн өтүп экинчи орунга чыкса, андан кийин тизмеде бирөөнүн мүлкүн ачыктан-ачык ээлеп алуу, автоунаа уурдоо турат.
Ленин районунда кылмыш көп тергелсе, Свердлов районунда көбүрөөк иш сотко жиберилген.