00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чындыктын чымынына жүгүнөмүн! Жолон Мамытовдун нускасы

© Фото / из семейного архива МамытовыхАкын Жолон Мамытов жубайы менен. Архив
Акын Жолон Мамытов жубайы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын Жолон Мамытовдун кеп казынасын сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкан айылында төрөлгөн. Мал доктур адистигин аяктап, Кара-Суу районунун Катта-Талдык совхозунда башкы ветеринар болуп иштеген.

© Фото / из семейного архива МамытовыхАкын, котормочу Жолон Мамытов
Чындыктын чымынына жүгүнөмүн! Жолон Мамытовдун нускасы - Sputnik Кыргызстан
Акын, котормочу Жолон Мамытов

Жолон Мамытов сүйүү темасына көп токтолгон акындардын сап башында. Көпчүлүк ырларын жубайы Меңди Мамазаировага жетпей жүргөндө жазган.

Жолон Мамытовдун "Отту сүйөм", "Жашыл аалам", "Убакыт", "Ырлар", "Мезгилдин элеси", "Буурул таңдын жомогу", "Суунун өмүрү", "Жарышкан суулар", "Атка токум салгыла", "Жүз жашка тол, кылым", "Башат жана Мухит" аттуу поэтикалык жыйнактары басылып чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Жолон Мамытовдун нускалуу кептери:

Унутулат далай сууну кечкениң,
Далай үйдөн далай үйгө көчкөнүң.
Улуу күндүн маегинен бошобой,
Унутпайсың жылдар кантип өткөнүн.

Уюлгуган тунук ойлор андайда,
Чырак болуп жанып турат маңдайда.
Кызык, таттуу, табышмактуу жашоонун,
Бирок даамы калбайт тура таңдайда.

***

Бул дүйнөгө келген нерсени,
Кетпес кылып жасап койсочу.
Белгисиз бир күндүн колунда,
Кылыч турат бизди мойсочу.

Мезгил мынча ылдам учат деп,
Карыялар ойлуу сүйлөшөт.
Билем, андай токтоо болууга,
Бизди дагы турмуш үйрөтөт.

Сактангыла, азиз курбулар,
Көңүл чөгүү деген илдеттен.
Колубузда журттун тагдыры,
Алдыбызда улуу милдеттер.

***

Ич күйөт от жалындап арманыма,
Көп жылды бошко жашап алганыма.
Баркына көп нерсенин жетпей жүрүп
Тиктесем, өмүрүм аз калганда.

***

Булут болуп өмүрлөр көчүп барат,
Таңга калган жылдыздай өчүп барат.
Алма гүлдөй чакчайып аз мезгилге,
Жаштык аттай алкынып өтүп барат.

***

Чындык деп чырым этпей үңүлөмүн,
Чындык деп өмүр бою жүгүрөмүн.
Жеңсем да жалгандыктын арстанын,
Чындыктын чымынына жүгүнөмүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0