00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Досумдун жубайы бассам-турсам оюман кетпей койду... Эркектин каты

CC0 / StockSnap / Кучакташып турган аял жана эркек. Архив
Кучакташып турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында аяшын көптөн бери жактырып жүргөн кишинин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы? Үй-бүлөлүүмүн, төрт балам, келишкен келинчегим бар. Экөөбүз тең ишкерлик чөйрөдө иштейбиз. Көпчүлүккө аялым экөөбүздүн мамилебиз бекем көрүнөт, "үлгүлүү түгөйсүңөр" деген кепти көп угабыз. Бирок баары андай эмес. Эки жылдан бери мен башка аялга ашыкмын. Болгондо да дос баламдын келинчегине. Аны аялым да, дос балам да, атургай аяшым да билбейт. Эч кимге айтпай жүрөм, сезимдерим ичиме батпай кеткенде акыры психологго кайрылып көрүүнү чечтим.

Бала кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Абактагы жолдошумду же күтөрүмдү, же кетеримди билбейм... Келиндин каты
Теңтуш балам кечирээк үйлөндү. Азыр биз 32 жашта болсок, ал эки жыл мурда турмуш курган. Аябай жаш кыз деле алган жок, өзүнөн үч жаш кичүү экен. Аяшым бир көргөндө эле башкача таасир калтырган. Маңдайы жарык, жароокер, ачык-айрым, айтор, жакшы сапаттары көп. Менин жубайым да жакшы адам, бирок сезим деген акылга баш ийбейт экен.

Башында аяшымды жөн гана жакшы адам деп баалап жүрчүмүн. Кийин чогуу-чаран отуруп, конокторго барып көбүрөөк жолуккан сайын аны жактыра баштадым.

Психологго кат жазган себебим, аяшыма болгон арзуум күндөн-күнгө күчөп баратат. Чалып, сүйлөшүп аны менен жөн гана отургум келет, бирок анте албайм. Дос балам, аялымды сыйлайм. Анткен менен ошол аялды эле ойлоп туруп алдым. Бассам-турсам оюм ошондо. Алаксыйын деп ар нерсени жасасам деле болбойт. Мындай нерсе болбошу керек экенин жакшы билем. Сезимдерди башкара албай кыйналып кеттим. Үй-бүлөмдү таштап ал аялды алып алайын деген деле оюм жок. Бирок аны күндө көрүп, сүйлөшкүм келет... Эмне кылсам, өзүнө эле акырын айтып сезимимди билдирсемби? Абалдан кантип чыгам, жардам бериңиздерчи?

Саадат Сыдыкова, психолог:

"Сезимиңди билгиз же билгизбе, жолук же жолукпа" деп айтуу өтө кыйын. Ар бир адам чечимди өзү кабыл алат. Бул орчундуу жана кылдаттык менен карай турчу маселе. Ошондуктан кайрылган киши эмне себептен эң жакын адамдары менен ушундай мамиледе болуп жатканын билиш үчүн психолог менен бетме-бет сүйлөшүп, терапиядан өткөнү жакшы.

Офисная работа - Sputnik Кыргызстан
Башкага башы байланган кесиптешимди сүйүп калдым... Кыздын каты
Үйүндөгүлөрүн, өзүн да алдап, калп айтып жашап жүрөт. Балким, бул адам ошондой сүйүүдөн рахат алат чыгар. Ошондо бул адамга кайсы сезимдер туура келип калат? Чындап эле келинчегин сүйсө, эмнеге бул аялга көңүл буруп жатат? Эмне себептен дос баласынын жубайын тандады? Эгерде аяшын аябай жакшы көрсө, анда эмне себептен ачыкка чыккандан баш тартып жатат? Көп суроо пайда болду.

Кат аркылуу бул киши биздин макулдугубузду алгысы келип турганы билинүүдө. Башкача айтканда, жоопкерчиликти мойнуна алгысы келбей жаткандай. Бул жерде чечүүчү ролду өзү гана ойнойт. Жогорудагы ачык калган суроолорго жооп берсе, балким, бул маселенин кандай чечилери да билинет. Ар бир адам өзүнүн жашоосуна өзү серепчи!

Жаңылыктар түрмөгү
0