"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында жолдошу түрмөгө түшүп, кайненеси менен жалгыз калган келиндин тагдыры баяндалат.
Саламатсыздарбы? Аты-жөнүмдү айтпай эле психологго кайрылып көрүүнү чечтим.
2018-жылдын декабрь айында жолдошум кокустан адам өлтүрүп алып 15 жылдан ашык убакытка эркинен ажырады. Бул биздин үй-бүлө үчүн чоң трагедия болду. Экөөбүздүн турмуш курганыбызга төрт эле жыл болгон. Ортодо бир уулубуз бар, азыр ал эки жашка чыкты. Күйөөм 32де, мен 30 жаштамын.
Бирок аны 15 жыл күткөндөн кийин ал таптакыр башкача болуп өзгөрүп келсечи деп корком. Түрмө деген түрмө да, жакшы адамды да өзгөртсө керек...
Мен да күйөөм соттолгондон бери өзүмдү таштап салдым. Санаа мени өлтүрдү. Аны көргөн ата-энем, туугандарым кайгырып, алып кетебиз деп жатышат. Эмне кылышты билбейм. Кетип калсам кайненем кантет? Уулумчу, кийин мага таарынбайбы? Калгым да келбей калды.
Гүлнара Жасоолова, психолог:
--Кат жазган келиндин абалын түшүндүм. Адамдын башына ар кандай сыноо келет, аны ар ким ар кандай көтөрөт.
Бул аялга айтарым, эгер жолдошуңузду чындап жакшы көрүп, үй-бүлөңүздү сактап калам десеңиз, анда аны күтүшүңүз керек. Кайненеңиз менен бирге тура албасаңыз ал кишиге, күйөөңүзгө туура түшүндүрүп, балким, өзүнчө жашап турарсыңар...
"Жок, кыйналып кеттим, өзүмдүн абалым, ден соолугум башкы орунда" десеңиз, ал да сиздин чечим болот. Чечимди психолог да, ата-энеңиз да чыгарбайт, өзүңүз кабыл аласыз.
"Кайненемди кыялбайм" деп жатасыз. Албетте, анын да абалын түшүнүш керек, бирок бул жерде ал негизги себеп боло албайт. Апаңыздын башка балдары деле бар экен, алар карайт, убакыт дарылайт. Уулунан ажырагандар деле жашап жатпайбы.
Бул жерде жолдошуңуз менен болгон мамилеңер биринчи орунда. Бала деле чоңоёт. Эгер ал адам менен өмүр бою чогуу жашайм десеңиз, анда баарына чыдап жашашыңыз керек.