ИИМ Батукаевдин адвокаты эмне негиз менен камакка алынганын айтты

© AP Photo / Moises CastilloКишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кримтөбөлдүн абактан мыйзамсыз чыгарылышына мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин да тиешеси бар делип жатат.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Азиз Батукаевдин адвокаты Али Касымов кримтөбөлдүн бошотулушу үчүн акча каражатын ташыган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ИИМ Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон иш тергелип жатканын эскертти.

"Али Касымовдун Азиз Батукаевди бошотуу максаты менен кызыкдар тараптардан акча алып кызматтагы адамдарга ташып, ортомчу болгону аныкталды. Мында Касымов Батукаевдин адвокаты болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Возвращение Омурбека Бабанова в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Бабанов Финполдо сурак берип жатат
Касымов 2019-жылдын 31-июлунда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча кармалган. 2-август күнү Кылмыш-жаза кодексинин 43 жана 319-беренелеринин ("Уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгын көздөп коррупцияга жардамдашуу") негизинде кылмыш жасаганы тууралуу билдирме берилген. Белгилей кетчү жагдай, айыптар эски кодекс боюнча тагылган.

"Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, камакка алуу чечимин чыгарган. Касымов жактоочусу менен бирге 16-августта кызматташуу тууралуу макулдашуу боюнча сунуш киргизген. Ушу тапта ИИМдин Тергөө кызматы Касымовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карап жатат", — дешти маалымат кызматтан.

Батукаевдин иши

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, Аламүдүн соту тарабынан 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылган деп бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бүгүнкү күнү бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Экс-депутат ЖК Аида Салянова - Sputnik Кыргызстан
Аида Салянова үй камагына кантип чыкканын айтты
Батукаевдин бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин да түз тиешеси болгон деген кине менен мурунку президенттин өкүлдөрүнө үч ирет суракка чакыруу берилген. Атамбаев ИИМге баруудан баш тарткандан кийин 7-август күнү УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү мурунку президентти мажбурлап алып келүү тапшырмасы менен анын Кой-Таштагы үйүнө басып кирген. Бирок Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, акыркы маалыматтар боюнча 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган.

8-августта ИИМдин операциясынан кийин Атамбаев багынып берген. Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, аны 26-августка чейин камакта калтырган. Ошондой эле мурунку президенттин бир нече тарапташы да суракка чакырылып, камакка алынышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0