00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жунушалиевдин кызыкчылыгы бар. Курсан Асановдун адвокаты президентке кайрылды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаИчки иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов. Архив
Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адвокат министр өзү кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир нече мыйзам бузганын белгиледи.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун иши боюнча анын адвокаты маалымат берди.

Бүгүн, 14-августта, Асанов Аскер прокуратурасына сурак берген жана анын үйү тинтүүгө алынган.

"Менимче, Кашкар Жунушалиев муну өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, кызматтык милдетин ашыгы менен аткарган орун басарын жаманатты кылууну көздөп жатат.
Ошону менен бирге Курсан Асановго укуктук жана мыйзамдуу кызыкчылык жактан зыян келтирип, милициянын кадыр-баркына сокку уруп, жарга кептеди", — деди адвокат.

Ошондой эле Айткулов ЖМКга тараган ички иликтөөнүн жыйынтыгы менен алар бүгүн гана таанышканына токтолду.

Начальник УВД Оша Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы маянасын көрүп талып кала жаздаган. Курсан Асанов тууралуу 9 факты
"Сурак учурундагы маалыматты таратпоо боюнча кол коюп чыктым, бирок иштин маанилүү жагдайларын атап берем. Мен да, Курсан Асанов да ИИМдин кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен бүгүн тааныштык. Эмнегедир ал биринчи ЖМКларга чыгып кеткен. Иликтөөнүн жыйынтыгы Асановго көрсөтүлбөй туруп, ЖМКларга жайылтылып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып калган", — деди Айткулов.

Мындан сырткары, ал кызматтык иликтөө өтө шашылыш түрдө жүргүзүлгөнүнө токтолду. Иликтөө учурунда Асановдун жана башка көп адамдардын түшүндүрмөсү алынбаганын билдирет.

"Асановду кызматтык кылмыштар боюнча айыптап жатат. Ошол эле учурда ички иштер министри өзү жөнү жок текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгын ЖМКларга жарыялап, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланды. Күнөөсү далилдене элек адамдын атын атап, нормативдик укуктук актыларды бузуп, Конституциянын принциптерине дал келбеген иш жасады", — деп белгиледи адвокат.

Буга байланыштуу Айткулов президентке, премьер-министрге кайрылып, иликтөө бүткөнгө чейин Кашкар Жунушалиевди ээлеген кызматынан бошотууну суранды. Анын айтымында, тергөө ачык-айкын болушу шарт. Адвокат Жунушалиев күбө катары чакырылган милиция кызматкерлерине басым жасашы мүмкүн деп шек санап жатат.

Асановго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси - "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Министр внутренних дел Кашкар Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: Курсан Асанов Кашкар Жунушалиевдин тилин албай койгон
Башкы прокуратуранын билдиришинче, Курсан Асанов 7-8-августта ички иштер министринин талаптарына жана буйругуна бир нече ирет баш ийбей жана укугу жок болсо да министрдин макулдугусуз өз алдынча чечим кабыл алган. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жеке курамын башкаруусуз калтырган деп айыпталууда.

Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен 13-августта ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган.

Өз кезегинде Асанов кызматтан алынганы боюнча пикирин билдирип, мамлекеттин жана өзүнүн абийири алдында таза экенин белгилеген.

Эске салсак, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы кызматы мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзүп, ишке ашпай калган. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алды.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев колго түшкөн. Мурдагы президент менен Курсан Асанов сүйлөшүп, багынып берүүгө көндүргөн видеосу жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0