БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Copernicus программасынын алкагында климаттык өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзгөн Европа кызматынын иликтөөсүндө 2019-жылдын июль айы глобалдуу байкоолордун тарыхында эң аптаптуу ай деп көрсөтүлгөн.
Докладда өткөн айдагы абанын температурасы 2016-жылдагы рекорддон да 0,04 градуска ашып өткөнү айтылат.
Үстүбүздөгү жылдын июлунда Батыш Европада жана башка мамлекеттерде адаттан тыш ысык катталып, жогорку температуралар байкалган.
Виджет news