"Күмүш ак боз ат" үчүн Кыргызстандын 4 тасмасы ат салышат

© Фото / Централ Азия фильмСъемки кыргызского мюзикла "Дарак ыры"
Съемки кыргызского мюзикла Дарак ыры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык иш-чара быйыл төртүнчү ирет уюштурулууда.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Башкыртстандын борбору Уфа шаарында өтө турган "Күмүш ак боз ат" IV эл аралык кинофестивалына Кыргызстандын атынан төрт тасма катыша турганын кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшовага таянуу менен Кинематографияны колдоо фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 24-27-август күндөрү өтмөкчү. Ага Россиянын региондору, КМШ мамлекеттери жана алыскы чет өлкөлөрдүн тасмалары катышат.

"Кыргызстандан Бекзат Пирматовдун "Аврора", Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры", Азамат Шаршеевдин "Жашоо керемет" жана Абыдылла Ажибаевдин элеттик мугалими тууралуу тартылган фильмдери сынга коюлат", — деп айтылат билдирүүдө.

Быйыл фестивалга улуттук жана этникалык кино секциясынан тышкары социалдык жана мотивациялык фильмдердин сынагы кошулганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0