Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүТалас шаары. Архив
Талас шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи күнү дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. 6-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +34…+39, Таласта +31…+36, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +34…+39 градуска жетет.

Ысык-Көлдө +27…+32 жана Нарын аймагында +28…+33 градус болот.

Ал эми Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +37…+39 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында күндүн табы +27…+29 градуска чамалап барары болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0