00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
От Олимпиады до Игр кочевников: каким будет спортивный год Кыргызстана
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Калктын экономикалык, финансылык сабаттуулугун көтөрүү керек — кадр маселеси качан чечилет?
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
10:04
27 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
10:32
26 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
13:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көл жээкте эс алган кыздардын жоругун көрүп жерге түкүрдүм. Куткаруучунун сыры

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПобережье Черного моря в Адлерском районе Сочи
Побережье Черного моря в Адлерском районе Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдөгү пансионаттардын кожоюндары жана эс алуучулардын көңүл иренжиткен жүрүм-туруму тууралуу жээктеги куткаруучу айтып берди.

Маектеш мырза Ысык-Көлдөгү эс алуу үйлөрүнүн биринде эмгектенет, ишиндеги кыжырды кайнаткан учурлардан бөлүштү.

Ачуу суудан ууртаган эс алуучулар

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Сууга кийимчен түшпөңүз. Көл жээгинде эс алуу этикети
Шаардын ызы-чуусунан алыстай, көл жээгине куру дегенде дем алыш күндөрү качып келген кыргызстандыктар арбын. Бир топ киши өзүнө жарата алчу ырахат... Бирок негедир көпчүлүгү көл жээгинде спирт ичимдиктеринен татып эс алууга маш. Анан өздөрүн ашкере ээн-эркин сезип, атүгүл адепсиз жоруктарын көрсөтүшөт.

Баарынан да алагүү болуп алып сууга түшүшөт. Бир жолу кызуу бир киши пирстен сууга секирип, буту тырышып калды. Кудай жалгап ал эс алуучуну куткарып калдык, бирок ошол окуя деле анын өзүнө да, досторуна да сабак болбоду. Эки-үч саат өтпөй жээкте кайра арактын бөтөлкөсүн кармап отуруп, кайра сууга карай чуркашты.

"Көчөдөн келген" кесиптештер

Пансионатка куткаруучу болуп орношуу үчүн көл сезону башталганча Өзгөчө кырдаал министрлигинин атайын курсунан өттүм. Ишке кирүү үчүн алгачкы эле сүйлөшүүдө көл жээгиндеги отелдердин басымдуу бөлүгүнүн ээлери иштин көзүн билген кызматкерлерди эмес, сууда сүзө алган жергиликтүү эпчил балдарды жумушка алууну туура көрөрүн угуп, үрөйүм учту. Дээрлик бардык жерден менин кызматыма муктаж эместиктерин, "бул ишке кишилер даяр" дешкенин тыңдадым.

Акыры мени ишке алышты, бирок жетекчиликтен менин ишти билер-билбесимди сурап койгон киши болбоду. Жөн гана: "Иштегиң келеби? Эртең саат 9га кел", – деп коюшту. Мисалы, менин атайын окуудан өтпөгөн өнөгүм бар дейли... Өзгөчө жагдайларда сууда анын эмне кыларын элестете да албайм.

"Чочколор"

Это должен видеть каждый отдыхающий на Иссык-Куле. Ужасные кадры со дна озера - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө эс алгандар көрүшү керек. Суу астындагы көңүл айныткан кадрлар
Туристтердин Ысык-Көлдүн жээгин эле эмес, көлдүн өзүн да булгап жатканын көргөндө зээним кейийт. Эл жээкте тамеки чегет. Калдыктарын, бош бөтөлкөлөрдү ошол жерге ыргытат. Жээк дайым жыйналып турат деңизчи, бирок эс алуучулардын табиятка да, өздөрүнө да кыпындай сыйы калбаган көрүнөт! Маданиятсыздык — биздин коомдун башкы көйгөйү.

Даараткана турса, сууга барышты туура көргөн айрым ата-энелер өз балдарына кандай жаман үлгү болуп жатышканын элес алышпайт. Баары аз келгенсип, балдарынын заарасы жыттанбай турганын, атүгүл Ысык-Көл облусунун жаратылышына пайдалуу экенине ынанган энелерге таң берем. Өткөндө эле көл жээктин ортосунда кызын заара кылууга көндүрүп жаткан аялды көргөндө сабырым түгөндү. Даараткана болгону 50 метр ары жакта экенин айтып эскертүү бергенимде, мага айтпаган сөзү калбады.

Кайдыгер ата-энелер

Мурдун балта кеспеген чоң кишилердин айынан дүйнөдө жүздөгөн бала бул дүйнөдөн узайт, тилекке каршы, андай кабарлар башкаларга сабак деле болбойт экен. Эс алууга келгениңизди түшүнөм, бирок өз балдарыңа көз салуу деген жөнөкөй эле эреже бар да... Мисалы, ата-эне беш жашка чейинки баладан эч көз айырбашы шарт. Эгер наристеңиз кайда жүргөнү көрүнбөсө, ал коркунучта дей бериңиз. Эсиңизге түйүп алыңыз, башка адамдар балаңыздын коопсуздугуна жооптуу эмес.

Адеби жок жаштар

Көп киши өзүн алып жүрүү маданиятын билбегендей сезилет мага. Чылым чегип, сөгүнгөн кыздарды көп көрүүгө аргасыз болом. Алар табияттын татына жандары эмей эле көл жээгинде көчө таптаган көпкөн кишилерден эч айырмаланбай калат. Көңүлдү оорутканы — кыздардын мындай жүрүм-туруму эркектерге жага бербей калат, өздөрү адепсиздик менен жаманга жол беришет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0