Чычкан суусуна түшүп кетип үч жумадан бери изделген жигиттин сөөгү табылды

Жазылуу
Кырсык июлдун башында болгон. Маркумдун жанындагы эки жигиттин сөөгү буга чейин табылган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Унаа менен баратып Бишкек — Ош жолунун 270-чакырымындагы Чычкан суусуна түшүп кеткен үч жигиттин акыркысынын сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, каргаша 2-июль күнү болгон. Эки күндөн кийин биринин, дагы эки күн өткөн соң кийинкисинин сөөгү табылган.

Үчүнчү жигиттин сөөгү 23-июль күнү кечинде унаа түшүп кеткен жерден 16 чакырым алыстыктан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Кырсыктап каза болгондордун үчөө тең 22 жашта экени айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0