БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко эки салмак категориясы боюнча чемпион Генри Сехудонун чакырыгына Twitter баракчасы аркылуу жооп кайтарды.
Hey .@HenryCejudo are you sure you want my gold ?
— Valentina Shevchenko (@BulletValentina) 12 июля 2019 г.
It’s protected so good!
By my Glock 19 !
All the times !
💥🙂💥🙂💥🙂
Кечээ, 11-июлда, эки салмак категориясы боюнча UFC уюмунун чемпиону Генри Сехудо аял мушкерлер Валентина Шевченко менен Аманда Нуньести беттешүүгө үндөгөн. Сехудо ал болгону "алтын издөөчү" экенин айтып, кимдин алтыны болсо аны тартып алууга даяр экенин белгилеген.
"Менин алтынымды тартып аларыңа ишенесиңби? Ал менин Glock 19 тапанчам менен дайыма жакшы корголгон", — деп жазды Шевченко.
Эске салсак, Аманда Нуньес орточо жеңил (66 килограммга чейин) жана жеңил (61 килограммга чейин) салмак боюнча, ал эми Валентина Шевченко эң жеңил салмак боюнча (57 килограммга чейин) UFC чемпиону.