Балдарынын беттешине күйөрмандык кылып келген ата-энелер мушташты. Видео

Жазылуу
Окуя Мексикада болгон.

RT испан каналынын билдиришинче, Мехико шаарындагы стадиондордун биринде балдарынын футбол мелдешине күйөрмандык кылып келген ата-энелер жаалдана мушташа кетишкен.

Чоңдордун урушу трибунада отургандардын бири экинчисин шлем менен башка чаап жибергенде тутанып кеткен. Ал жерде отурган башка ата-энелер да кармап турган кол чатыр, бөтөлкө жана башка буюмдар менен чабышып, жулкулдашып мушташкан. Видеодо аялдардын кыйкырып жатканын жана балдардын ыйлаганын да угууга болот.

​Трибунада отургандардын мушташынан улам башкы калыс оюнду токтотууга аргасыз болгон.

Эми жергиликтүү бийлик чырдын чыгышына себепкер болгон кишини жоопко тартууну пландап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0