БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңеш терезелерди алмаштыруу үчүн 11 миллион 176,2 миң сом сарптоону пландап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
"Жогорку Кеңештин административдик имаратындагы эски терезелер жаңысына алмаштырылат", — деп лотто көрсөтүлгөн.
Тендердин мөөнөтү 20-октябрда аяктайт.