00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кордолгон жубайын муунтуп өлтүрүп... Июндагы соттук чечимдер

© Sputnik / Табылды КадырбековКызды муунтуп жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт
Кызды муунтуп жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фемида өкүлдөрү аялын мыкаачылык менен тынчыткан жаранды 13 жылга темир тор артында калтырса, шеригин бычактап өлтүргөн эргулду 16 жылга эркинен ажыратты.

Өтүп кеткен ай өлкөдөгү соттор үчүн оор айлардын бири болду. Алар түрдүү мүнөздөгү жүздөгөн иштерди карап чыгып, айрымдарына чекит койду. Sputnik Кыргызстан агенттиги июндагы чуулуу, адам өмүрүн алган соттук өкүмдөрдү сунуштайт.

Бир тууган агасын бычактап...

36 жаштагы жаран өзүнүн бир тууган агасы менен үйдө арак ичип отуруп уруша кеткен. Ортодо чыр чыгып, иниси агасын бычактаган. Жабырлануучунун оор абалда көчөдө отурганын кошуналары көрүп Тез жардам чакырткан. Бирок көп өтпөй ал ооруканадан үйүнө качып келип, эки күндөн кийин каза болуп калган. Айыпталуучу кылганын мойнуна алып, адам өмүрүн алган каргаша арактын кесепетинен болгонун билдирген. Ал эми маркум менен соттолуучунун энеси уулун эркиндикке чыгарууну өтүнгөн. Бирок фемида өкүлдөрү төрт баланын атасын 7,5 жылга темир тор артында калтырып, 130 миң сом айып салган.

Аткезчилердин атышуусу

Молоток судьи - Sputnik Кыргызстан
Токмоктогу аткезчилердин атышуусу боюнча соттун өкүмү чыкты
Чек арадагы көзөмөл өткөрүү пункттарынын биринде аткезчилер ортосунда чыр чыгып, атышууга чейин жеткен. Окуяда ок жегендер да болгон. Сот отурумда жабырлануучу Усенов шектүү делген Бейшенкулов чек арадан өткөн ар бир унаага 10 миң сомдон берип турасың деп талап койгондуктан уруша кеткендигин айткан. Соттолуучу болсо ал жерде тапанча колдонгондугун жашырган эмес. Коомчулукта чуу жараткан атышуу боюнча сот айыпталуучуну 270 миң сом айыпка жыкты.

Аялын 8-мартта сабап өлтүргөн

Үйдө арак ичип отурган жубайлар тааныштарын тосуп түн ортосуна чейин майрамдашкан. Ошондо жолдошу көчөгө чыгып тамеки чегип отурганда мейман болуп келген эркек анын аялын күч колдонуп зордуктап салган. Идиш-аяк кагышканын уккан үй ээси бөлмөгө кирип, анын жарым жылаңач жатканын көрүп, стакандашын сабап кубалап жиберген. Андан соң келинчегин муунтуп, балтанын сабы менен башка койгулап өлтүргөн. Алты айлык ымыркайды энесиз калтырган "күйөө" эми 13 жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт.

Бийкечти тиши түшкөнчө сабаган

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сабалып, кулагы укпай калган Акыл. Ата-энеси шектүү жазаланбай жатканына нааразы
Бойдок, мурда соттолгон эркек тааныш бийкечин кафеге жолугушууга чакырат. Алар кезигип тамактанып, андан соң жигит кызды үйүнө автоунаа менен жеткирмекчи болот. Катуу айдап, кыздын жүрөгүн түшүрөт. Жайыраак айдоону өтүнгөн селкини жигит сөрөй унааны токтотуп, кызды сыртка сүйрөп чыгып тепкилеген. Бийкечтин бети-башы көгала болуп, баш мээси чайкалып, тиши да түшүп калган. Чоң муштум сүйгөнүнө 10 миң сом моралдык чыгым төлөмөр болуп кылмыш жоопкерчилигинен кутулду.

Абышканы сабаган аракеч

Мас болгон 41 жаштагы киши көчөдө кетип бараткан 90 жаштагы абышканы башка чапкан. Дарыгерлер карыя кулаганда буту сынганын аныктаган. Жабырлануучуга эки жолу операция жасалып, ага карабай ал басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Териштирүү маалында күбөлөр менен ооруканада жаткан жаран шектүүнү эстеп калгандыгын билдирип, укук коргоо кызматкерлерине көргөзүп берген. Бирок айыпталуучу аны такыр көрбөгөндүгүн айткан. Адамдын өмүрүнө кол салган аракеч беш жылга кесилди.

Тоодогу каргаша

Үч дос тоого эс алганы жөнөйт. Өз ара тамашалашып бир шеригинин аскерге барбаганын, анын каруусу жок экенин сөз кылып, шакаба чегишет. Биз кезде анын ачуусу келип, тамашакөй досун бычак менен сайып, аңга түртүп жиберген. Ал эми үчүнчүсү канжалаган досуна жардам берүүгө аракет кылган, бирок ал окуя болгон жерде көз жумган. Соттолуучу эми темир тор артында 16 жылга камалып, маркумдун атасына 200 миң сом айып пул төлөйт.

Кандуу майрам

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта балдарын катуу сабады делген ата кармалды
Каргаша болгон күнү Александр менен Ирина үйүндө конок тосуп, арак ичип отурган. Бир маалда меймандардын бири Анна үйдүн кожойкесине 300 сомду качан бересиң деп доолайт, Ирина болсо азырынча акча жок экендигин айткан. Ошондо Аннанын жолдошу Евгений "Акчаң жокпу, иштеп бер!" — деп кыйкырып жиберет. Жыйынтыгында эки эркек мушташып, үй ээси Евгенийди бычак менен сайып тынчыткан. Александр сегиз жылга соттолуп, 90 миң сом төлөмөр болду.

Арактын айынан

Марина ал күнү жакын мамиледе болгон Улан менен Мирбекти конокко чакырып, үчөө арак ичип үйдө уктап калган. Түн ортосунда Улан Маринаны уктатпай жыныстык катнашка барууга аракет кылган, бирок сулуу ага макул болбой коёт. Экөөнүн кобурунан ойгонуп кеткен Мирбек кыздын жанын койбой жаткан жигитти бөтөлкө менен башка чапкан. Анысы аз келгенсип эс-учун жоготуп жаткан Уландын өлүү-тирүүсүн билүү үчүн бутуна ысык суу куюп көргөн. Мындай мыкаачылыгы үчүн ал үч жылга эркинен ажыратылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0