Аламүдүн суусунан 26 жаштагы жаран изделүүдө

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштери 21:30да убактылуу токтотулган.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна түшүп кетти деп 1993-жылы туулган Б.С. аттуу жаран изделип жатканын ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ӨКМге билдирүү 13:14тө түшкөн. Эки бөлүмдөн 15 куткаруучу тартылган. Ошондой эле анын жакындары, ыктыярчы топтор жардамга келишкен.

Бүгүн саат 21:30да натыйжа болбогонуна байланыштуу алардын иши убактылуу токтотулган. Эртең издөө улантылары айтылат.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0