БИШКЕК, 29-июн. - Sputnik. Жизактагы «Истиклол" аттракциону иштеп жаткан учурда андагы адамдар менен кошо жерге кулап түшкөн. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.
Коркунучтуу кадрлардан аттракциондун экиге бөлүнүп сынып түшүп, кабинкалардын жерге келип тийгендигин көрүүгө болот. Анда адамдардын кыйкырып, дүрбөлөңгө түшүп, бири-бирине чуркап жатканы даана тартылып калган.
В Узбекистане рухнул аттракцион во время движения.
— Исабеков (@isabekoff_kg) 28 июня 2019 г.
Всегда знал, что от этих советских аттракционов нужно держаться подальше. pic.twitter.com/RI66XCv52b
Өзбекстандын ӨКМи Sputnik агенттигинин кабарчысына андай кырсык болгондугун тастыктап, окуянын чоо-жайын кечирээк кабарлай тургандыгын билдирди.
Маалыматтарга караганда, 19 жаштагы кыз каза тапкан.