БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Мексикада "Севильи" жаштар командасынын 20 жаштагы Жоао Малек аттуу чабуулчусу унаасы менен катуу баратып жаңы баш кошкон жубайлардын автосун сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жаш жубайлар каза тапкан. Бул тууралуу RT маалымдады.
Окуянын видеосу Twitter баракчасына жүктөлдү.
Muy lamentable que los planes de una pareja de recién casados se hayan truncado de esta manera. Lamentable también que el joven jugador de futbol Joao Malek haya afectado su futuro y ahora deba enfrentar consecuencias legales. pic.twitter.com/cokNza1fbM
— Azteca Noticias (@AztecaNoticias) 25 июня 2019 г.
Маалыматка караганда, футболчу рулду башкара албай калган. Натыйжада алдыдагы унааны сүзүп, жол четине ыргып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы киши менен 26 жаштагы аял каза тапкан. Алар эки жылдан ашык убакыт сүйлөшүп жүрүп, бир күн мурун никеге турушкан. Кырсыкка кабылган күнү алар тоюна бара жатышканы айтылды.
Футболчу полициянын колуна түштү.