Эл шайлаган жакшылар, элдин малын оп тартпасын алкыңар... Сарногоевдин нускасы

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие этногородка "Кыргыз айылы" на джайлоо Кырчын
Открытие этногородка Кыргыз айылы на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин нускалуу кебин сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Байдылда Сарногоев 1932-жылы Таластын Кара-Ой деген айылында жарыкка келген. Бирок акындын өмүрлүк жубайы Зина Сарногоеванын эскерүүсүндө, чыныгы туулган жылы 1928-жыл экен. Ата-энесинен эрте ажырап калган. Убагында күбөлүк алып берген киши жок, кийин паспортуна болжол менен эле 1932-жыл деп жазылып калыптыр.

Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүргөн жери ызы-чуу, эч кимге жакпайт жинди суу! Райкан Шүкүрбековдун нускасы
1951-жылдан тартып акын Кыргызстан жазуучулар союзуна мүчө болот. Анын алгачкы ырлар жыйнагы 1952-жылы "Шумкар" деген ат менен жарык көргөн. 1956-жылы Москва шаарында Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүрүп келгенден кийин "Ала-Тоо" журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959-жылдан баштап Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген. Сарногоевдин көптөгөн чыгармалары орус тилине которулуп чыккан.

1991-жылы ага "Кыргыз Республикасынын эл акыны" ардактуу наамы берилип, ал эми 1996-жылы Казакстан Республикасынын эл аралык "Алтын көпүрө" сыйлыгы ыйгарылган.

Чыгармачыл инсан 2004-жылдын 19-ноябрында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

Байдылда Сарногоевдин накыл кептери:

Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар.

Бытыранды урууларга бөлүнбөй,
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!

Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар
Элдин малын оп тартпасын алкыңар...

Так жүрсөңөр, ак жүрсөңөр ар иште
Дал ошончо көтөрүлөт баркыңар.

Эмгекчи эл. Эл ичинде башчылар
Кай бириң карт, кай бириңер жашсыңар.

Ыйман менен, ызат менен, иш менен
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!

***

Жумшактык кылсаң кээ бирөө,
Майталкан кылат аябай.

Катуулук кылсаң кээ бирөө,
Кабагын бүркөйт карабай.

Өтө таттуу болбогун,
Жебесин бирөө үзүнүп.

Өтө ачуу болбогун,
Кетпесин бирөө түкүрүп.

***

Кетпесе экен тоо башында мөңгүлөр,
Суу көп болсо чөл жашарып жаңырар.

Арткыларга акыл-насаат үйрөткөн
Өлбөсө экен өрнөгү көп карылар.

***

Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери.

Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.

Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.

Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.

***

Эстүү болуп эстүүмүн деп айтпаса,
Көп мактанбай көйрөңдүгүн таштаса,
Токтоо мүнөз эстүү болуп ар качан,
Мен барктасам ал да мени барктаса.

Ар убакта арман болбос жигитте,
Сүйгөн жарың ушуларды аткарса.

***

Күлкүнүн арт жагында күйүтү бар,
Күйүттүн арт жагында күлүшү бар.

Ээрчишип жүрө берет кезектешип,
Мезгилдин күнү менен түнү сымал.

Барда бай, жокто бардай жашай билип,
Заманга салым кошуп, үлүшүң ал.

Турмушка туткун болсоң чабалдыгың,
Көрө бил жакшылыгын, жамандыгын.

Адамга кылча болбой арамдыгың,
Заманга тоодой болсун адалдыгың.

Дүйнөдө тири өлүктөй жүрө берсең,
Сөз эмес адамдыгың, амандыгың.

Жаңылыктар түрмөгү
0