Ок-дары жарылып жаткан маалда көз жарып... Казакстандагы окуя

© AFP / FREDERICK FLORINЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Толгоосу эртең мененки саат 8де башталган келин Арыстагы ооруканага келген. Бирок жарылуу имараттын эшигин жулуп кеткендиктен аял акушер экөө качып чыгышкан.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Казакстандын Арыс шаарында кампада сакталган ок-дары жарылып жаткан кезде 23 жаштагы келин көз жарды. Бул тууралуу Tengrinews жазды.

Каргаша болгон 24-июнь күнү Бирдиктүү улуттук тестирлөө өтүп жаткан. Көзөмөл кылуу үчүн Билим берүү министрлигинен 12 кишиден турган комиссия келген. Алардын бири Жанат Нуржуманованын айтымында, жарылуу болгон кезде алар тестирлөө пунктунда иштеп жатышкан.

"Жарылуу болгондо мектепте элек, качып жөнөдүк. Башаламандык башталды. Чуркап бараткан киши көп эле. Бутубуз канагыча жүгүрдүк. Балдарды салып кетип жаткан унааларды көрдүк. Балдарды чыгарып кетсин деп аларга отурган жокпуз. Жолдон жөө бараткан карыяларды көрдүк. Улам бирин салып, алып кетип жатышты", — деп айтып берди Нуржуманова.

Родители, я вас люблю! Военный записал видео во время взрывов в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
"Эгер тирүү калбасам...". Казакстандагы жарылууда аскердин ыйлап жаздырган видеосу
Шаардан чыгып баратканда кош бойлуу аялды көрүшкөн. Жанында акушери бар эле. Нуржуманова кесиптештери Балпоне Утенова жана Шайза Доскеева менен аялдын төрөтүн кабыл алууга жардам беришкен.

"Келин аябай кайраттуу экен. Эртең менен саат 8дерде толгоосу башталып, Арыстагы ооруканага келген экен. Жарылуу болгондо акушер экөө качып чыгышат. Аял чыдабай калганда алдыбыздан чыккан биринчи үйгө токтоп, келин көз жарды. Ошол маалда үй-бүлө кой сойгон экен. Баары жакшы болду", — деди Утенова.

Анын айтымында, бала киндигине оролуп калгандыктан аял аябай кыйналган.

"Келин аябай кубанды. Ымыркайга баарыбызды жеткирип келген айдоочу Досмухаммеддин атын ыйгарууну каалап, бирок жарыкка кыз бала келгендиктен анын апасы Камиланын атын берди", — деди Утенова.

Көз жарган келиндин аты Кенже, бул анын экинчи наристеси. Бөбөктүн атасына министрликтин кызматкерлери сүйүнчүлөшкөн. Ушу тапта алар Нур-Султан шаарына кайтып кетишти. Ал эми бүлө ээси аялы көз жарып жаткан маалда кайда экени айтылган эмес.

Токаев жарылуудан жапа чеккен элинин көңүлүн жайгарды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Токаев жарылуудан жапа чеккен элинин көңүлүн жайгарды. Видео
Белгилей кетсек, жарылуу 24-июнь күнү саат 9.20ларда Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Арыс шаарындагы №44856 аскер бөлүгүндөгү курал-жарак кампасында болгон. Элди ыкчам кызматтын адистери, ИИМ жана Коргоо министрлигинин өкүлдөрү эвакуациялаган.

Шаарда 43 миң киши жашайт. Облус акими Умирзак Шукеев башында турган жумушчу топ түзүлдү.

Жарылуудан каза тапкандардын саны эки кишиге жетти. Көз жумгандардын бири аскер кызматкери болсо, бири - жай тургун. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, жалпы жонунан дарыгерлерге 165 адам кайрылган. Анын 89у ооруканага (18и — бала, 13ү — кош бойлуу аял, бешөө — жаңы төрөгөн келиндер) жаткырылды. 15 бейтап реанимацияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0