Улуу Британиянын экс-элчиси КРдин бизнес-акыйкатчысы болду. Милдеттери

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд Смит. Архив
Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд Смит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кызматка экинчи турдан кийин беш талапкер ат салышкан.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Робин Орд Смит өлкөнүн бизнес-акыйкатчысы болуп шайланды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бизнес ассоциация улуттук альянсынын төрагасы Сталбек Акматов билдирди.

Ал бул кызматка байкоочу кеңештин чечими менен келди. Кеңештин курамына бизнес ассоциациялар, өкмөттүн жана Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү кирген.

"Бардык мүчөлөр Смиттин талапкерлигин колдоду. Жыйынтыктоочу протоколдук документке премьер-министр кол коюп, бекитет", — деди ал.

Маалыматка караганда, бул кызматка жалпы жонунан 100 киши талапкерлигин көрсөткөн. Алардын ичинен экинчи турга бешөө өткөн:

— Нурлан Мусуралиев, Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти;

— Актилек Тунгатаров, "Кумтор Голд Компани" ишканасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча мурдагы директору;

— Сергей Пономарев, Базар, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүү ассоциацияларынын директору;

— Нурсулуу Ахметова, президенттик аппараттын финансы-экономикалык анализ жана өнүктүрүү мониторинги бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси;

— Робин Орд Смит, Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси.

Үстүбүздөгү жылдын башында Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бизнес-акыйкатчы институтун түзүү боюнча токтомго кол койгон. Аталган мекеме ишкерлик менен алектенген тараптардын укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт.

Таштанды чогултуп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакыр жашагандарга 100 миң сомго чейин жардам берүү сунушталып жатат
Бизнес-акыйкатчынын өзүнүн катчылыгы түзүлүп, бизнесмендердин арыздары кабыл алынат. Жобого ылайык, бизнес-коргоочу менен катчылык мамлекеттик мекеме болуп эсептелбейт жана отчет бербейт. Бул Акыйкатчы институту байкоочу кеңешке баш иет. Бизнес-акыйкатчыга эки орун басар жана жардамчы берилет.

Катчылыктын штаты такталган эмес. Бизнес-акыйкатчы институтун ишке киргизүү үчүн 1,5 миллион евро сарпталат. Каражат Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнмөкчү.

Бизнес-акыйкатчы беш жылга шайланат жана бир эле адам эки мөөнөттөн ашык бул орунда кала албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0