Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди "Кыргызстан эл аралык беделдүү сынакта жеңүүчү болду" аталышындагы видеокөпүрөгө чакырабыз.
Санкт-Петербург — Баку — Бишкек — Ереван — Кишинев — Нур-Султан видеокөпүрөсү 13-июнда саат 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтөт.
Иш-чарада жогорку окуу жайлардын студенттери арасындагы викторинанын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталат. Алар - шайлоо укугу жана шайлоо процесси боюнча КМШ мамлекеттеринин парламент аралык ассамблеясынын катышуучулары.
Видеокөпүрөгө катышчулар:
- Исламбек Муратбекович МУРСАБЕКОВ — Демократиянын өнүгүшүн, парламентаризмди жана жарандардын шайлоо укугун сактоо мониторинги эл аралык институтунун директору;
- Алина Эркиновна ТАЛИПЖАНОВА — конкурстун катышуучусу;
- Аяна Жетигеновна ОСМОНАЛИЕВА — конкурстун катышуучусу;
- Абдыманап Масалбекович ОСКОНБАЕВ — конкурстун катышуучусу.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет). ЖМКларды каттоо жеринен, редакциялык күбөлүк менен жүргүзүлөт.
Маалымат борбордо боло турган иш-чара тууралуу кошумча маалыматты +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун анонсторун алып туруу үчүн a.valiev@sputniknews.com дарегине жазыңыз.