00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
10 апреля - День Сопротивления: как кыргызстанцы воевали в лесах Европы
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат Мадеминов: биз калыстыктан тайган үчүн Атамбаев "чимкирик" деп жатат

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат ЖК Мурадыл Мадеминов
Депутат ЖК Мурадыл Мадеминов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Бишкек ТЭЦ боюнча парламент убагында калыс сөзүн айтпай койгонун айтып өттү.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев парламент калыс сөзүн айта албагандыктан сындап жатат. Мындай пикирин ЖК депутаты Мурадыл Мадеминов жалпы жыйында билдирди.

Шаршембидеги жыйында бир топ депутаттар Атамбаевге сын айтып, айрым коррупциялык иштерге да айыпташкан. Ал эми эл өкүлү Канат Исаев экс-президенттин кол тийбестигин алууга макул болгон 40 депутаттын колун чогултканын жар салган

"Кечээ трибунада Алмазбек Шаршеновичке карата айтылган оор сөздөр боюнча оюмду айткым келди. Атамбаев митингде депутаттарды "чимкирик" деп атаганына капа болуп жатканбыз. Бирок эмне себептен бул сөздөр айтылып жатат деген ой келет. Биз кайсы жерден жаздык?.. ТЭЦ маселесин карап жатканда депутаттардын бир тобу "эл аралык аудитке берели, талаш-тартыш болууда" дегенде парламент калыс сөзүн айтпай, карабай койгон. Алмазбек Шаршенович ошону айтып жатат", — деди Мадеминов.

Төрага бөжөңдөп дебей архивди караңыз! Спикер Матраимовдордун тою тууралуу. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Төрага бөжөңдөп" дебей архивди караңыз! Спикер Матраимовдордун тою тууралуу. Видео
Ошондой эле ал азыркы тапта сот процесси туюкка такалганын айтып, коррупциялык ишти эки жактуу кароону эскертти.

"Эгер коррупция болсо ТВЕАны алып келип, камакта отургандарга кошуш керек. Акчаны бирөө берет, экинчиси алат да, берген тарап ТВЕА болуп жатат. Бул жерде калыстык жок болууда. Өзүнүн командасы тиякка кирип калгандыктан Алмазбек Шаршенович ачуу сөзүн айтты. Эми убакыт тараза. 1916-жылдагы жана 1937-жылдагы окуяны, Турдакун Усубалиевдин кызматтан кетишин да тарых өзү таразалады", — деди депутат.

Мадеминов сөзүнүн аягында эгер парламент калыс сөзүн айта албаса, демократиялуу өлкө куруу кыйын болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0