Мадеминов Мурадыл Ганыевич. Өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Мурадыл Мадеминов. Архив
Депутат Мурадыл Мадеминов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурадыл Мадеминов 1965-жылы 13-апрелде Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Абдыкадыр Орозбеков атындагы айылда төрөлгөн.

Жогорку билимдүү. 1990-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун педагогика факультетин, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу. 

  • 1982-1983 — "Кадамжай" совхозунда автослесарь
  • 1983-1985 — Советтик жоокерлердин катарында кызмат өтөгөн
  • 1990-1993 — Бишкек шаарындагы Суворов атындагы окуу жайында взводдун командири
  • 1994-1997 — "Elegant" кыргыз-түрк биргелешкен ишканасында директордун орун басары
  • 1997-1999 — "Грант" кыргыз-түрк биргелешкен ишканасында директордун орун басары
  • 2000-2003 — жеке ишкер
  • 2004-2010 — "Балчы" ЖЧКнын директору
  • 2010 — КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү
  • 2015 — КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты. 
Жаңылыктар түрмөгү
0