БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Кайгуул кызматынын милиционери кызматына тандоо жүрүп жатканын билдирди.
Талаптары:
- Кыргызстандын жараны болушу керек;
- 30 жашка чейин;
- Куралдуу күчтөрдө же альтернативалык кызматта аскердик кызмат өтөгөндүгү тууралуу аскердик билет, же окуу жай алдындагы аскер кафедрасында окуудан өтүп, запастагы офицер наамынын болушу шарт;
- жогорку, орто кесиптик билими тууралуу диплом же 11-классты бүткөндүгү тууралуу аттестат;
- соттолбогон жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган;
- эркектердин бою 170, аялдардыкы 168 сантиметрден кем эмес болушу керек.
Бардык суроолор боюнча Чүй облустук милициянын Кайгуул-посттук кызматынын кадрлар бөлүмүнө кайрылууга болот.
Дареги: Аламүдүн району, Ленин айылы ПМК0-3. Телефону: 0 (312) 44-64-33.