Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына талапкер катары сунушталып жаткан Эркинбек Чодуев Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев менен тууганчылык байланышы бары-жогу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.
Көп өтпөй социалдык тармактарда "Чодуев Жогорку Кеңештин депутаты, президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин кудасы экен" деген маанидеги маалыматтар тараган.
Мындай пикирлерге чекит коюу үчүн талапкер коомчулукка жооп берди. Ведомствонун маалымат кызматы таратып берген видеодо ал эл өкүлү менен туугандык жайы жок экенин айтат.
"Алиярбек Абжалиев менен жакындыгым жок. Мен аны Жогорку Кеңештин депутаты катары гана тааныйм", — деди ал.
Ошондой эле Чодуев айыл чарба тармагын көтөрүүгө программасы бар экенин жана өкмөт башчынын ишенимин актоого болгон аракетин жумшай турганын кошумчалады.