00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Стимул
17:05
51 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Жара опасна для гипертоников: кардиолог о симптомах, воде и правилах поведения летом
14:09
63 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«Театр Боотура» в Бишкеке: якутский эпос, три «Золотые маски» и живой диалог со зрителем
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Пассивдүү жашоо образы дүйнөдө өлүмдүн төртүнчү себеби болуп калды — буга эмне кылуу керек?
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Утилизационный сбор год спустя: сколько собрали и почему переработка всё ещё буксует
18:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
19:06
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Кто и как считает климатический ущерб в КР
20:06
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
Ачык кеп
Бишкек шаарындагы дарактарды коргоо жана жашылдандыруу иштери
21:10
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Оштун мэри: көмүскө кумарканалардын иштешине милиция өзү кызыкдар

© Фото / пресс-служба полпредства ПКР в Ошской областиОш шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов. Архив
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр Таалайбек Сарыбашов шаардык милициянын башчысы менен жолугуп, кумарканаларды калкалагандарга чара көрүүнү тапшырып, эскертүү бергенин айтты.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов көмүскө кумарканалардын иштешине милиция кызматкерлери өздөрү кызыкдар экенин айтты. Бул туурасында ал шаардык кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-майда, журналисттер калаадагы кумарканасы бар делген "Де люкс" мейманканасына барганда күзөтчүлөрү аларга күч колдонуп, биринин камерасын тартып алып жазылмаларын өчүрүп салган. Андан соң милиция кызматкерлери келип, журналисттерге кол көтөргөн эки күзөтчүнү кармап кеткен. Ал эми милиция ал жай эки ирет шектүү катары катталганын, бирок атайын экспертиза "кумар ойноочу жай эмес" деген жыйынтык чыгарып бергенин айтууда.

Бүгүн шаардык кеңештин депутаты Рысбек Турдуев милициянын мындай билдирүүсүн сынга алды.

"Журналисттер көмүскө иштеп жаткан кумаркананы аныкташты. Ал жерде бир жигит акчасын уттуруп жатса, силер экспертизадан кийин белгилүү болот дейсиңер. Акча уттуруп жатканы өзү экспертиза эмеспи", — деди Турдуев.

Ал эми мэр Сарыбашов кечээ ушул окуядан кийин шаардык милициянын башчысы Муратбек Боронов менен жолугуп, тиешелүү тараптарга чара көрүүнү тапшырып, эскертүү бергенин айтты.

Ювелирное производство в Перми - Sputnik Кыргызстан
Апамдын алтын сөйкөсүнө чейин уурдап саттым... Кумар оюнуна берилген жигиттин баяны
"Кумарканалардын иштешине милиция өзү кызыкдар. Алар баарын билет. Экспертиза аныктабай жатат деген сыяктуу баарын мыйзамга такап коёт. Муратбек Бороновдон сурасам, жеке өзү бул иштерди калкалабай, үлүш албай турганын айтты. Бирок тийиштүү кызматкерлер табылса катуу чара көрөрүн билдирди", — деди Сарыбашов.

Ош шаардык милициясы 2018-жылы калаада көмүскө кумарканаларды уюштурууга шектүү катары 8 жай аныкталганын билдирүүдө. Бирок экспертиза муну аныктап берген эмес.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда кумар оюндарын уюштурууга тыюу салынган. 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган. Бул мыйзам күчүнө кирери менен кумарканаларды жабуу милдеттендирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0