00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
15:52
7 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Будь в курсе
Минприроды КР запретило квадроциклы на горных склонах и установило лимит на сбор грибов - обсуждаем инициативу
08:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
2030-жылга чейинки өнүктүрүү программасы жана административдик-аймактык реформалар
09:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Поправки к закону об образовании: кто и как сможет лишить вуз лицензии без суда
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Электрондук көзөмөл же оңолууга мүмкүнчүлүк: Кыргызстанда пробациянын жаңы системасы мобилдик тиркеме кандай иштейт?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Маматзия Жолдошев о новых правилах получения документов для работы на строительном рынке
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
12 миллион документ санарипке өттү: Юстиция министрлигиндеги жаңы реформалар
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Түркия: Изник үчүн салгылашкан кыргыз жоокерлерине арналган иш-чара өтмөкчү

© Фото / пресс-служба МИД КРМемориал "Кыргызлар тюрбеси" в городе Изник
Мемориал Кыргызлар тюрбеси в городе Изник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын жана Түркиянын Бурса университетиндеги тарых факультетинде иштеген тарыхчылар биргелешкен изилдөөлѳрдү жүргүзмөй болду.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. XIII кылымдагы Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин каармандыгы боюнча 2020-жылы Изник шаарында эл аралык конференция өткөрүү пландалууда. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

5-майда Түркиянын Стамбул, Анкара, Бурса жана дагы башка шаарларында жашап жаткан кыргызстандыктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен Изник шаарындагы "Кыргыздар күмбѳзүнө" зыярат кылган.

Иш-чаранын алкагында КРдин Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Изник шаарынын мэри Каган Мехмет Уста жана Изник районунун башчысы Бюлент Байрак менен жолуккан. Анда тараптар ортосунда XIII кылымдагы Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин урматына арналган илимий басылмаларды чыгаруу жана 2020-жылы Изник шаарында конференция ѳткѳрүү талкууланган.

"Кыргызстандын жана Түркиянын Бурса университетиндеги тарых факультетинде иштеген тарыхчылар биргелешкен изилдөөлѳрдү жүргүзмөй болду", — деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чара Стамбул шаарындагы Маданият жана достук кыргыз коому жана Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин жардамы менен уюштурулган.

Бизнес-форум Туристический потенциал города Ош и Ошской области на Великом Шелковом Пути - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарын түрк тилдүү элдерге таанытуу уланууда. Кезек бизнес-форумда
Маалымат катары айтсак, Изник шаары (эски аталышы — Никея) Стамбул шаарынын түштүгүнѳ 120 чакырым аралыкта жайгашкан. Учурдагы Изниктин аймагындагы үч кесилиш жолунда, жергиликтүү калкка "Кыргызлар түрбеси" ("Кыргыздар күмбѳзүнө") же болбосо XIII кылымдагы Изникти каратууда шейит болгон кыргыз жоокерлеринин эстелиги деп таанылган көрүстөн жайгашкан. Анадолу түрктөрү менен ийиндеше согушкан кыргыз жоокерлери күмбѳздү акыркы баш калкалаар жер катары табышкан. Алар биринчилерден болуп чепке кирип келгендиги үчүн XIII кылымдын аягында Султан Осман Гази башкарып турган учурда жоокерлердин урматына ушул күмбөздү тургуздурганы маалым.

2000-жылдарда Түркиянын Башкы башкаруу фондусу аталган тарыхый эстеликти дээрлик кайрадан калыбына келтирген. 2006-жылдын октябрь айында күмбөздүн жанына кыргызстандык скульптор Тургунбай Садыков жасаган кыргыз баатырынын эстелиги тургузулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0