"УКМК кызматкерлери" күзөтчүнү ур-токмокко алганбы? Ээси окуя тууралуу

Жазылуу
Тамактануучу жайдын администратору 26-апрелге караган түнү кафеге 7-8 жигит кирип келип, өздөрүн өтө эле агрессивдүү алып жүргөнүн айтып берди.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелине караган түнү "Бахчай" кафесинде эч кандай мушташ болгон эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзүн аталган жайдын ээсимин деп тааныштырган Азамат аттуу киши билдирди.

Буга чейин укук коргоо органдарындагы булак кабарчыга милиционерлер Октябрь РИИБине УКМКнын тогузунчу бөлүмүнүн кызматкерлерин жеткиргенин айтып берген. Алар "Бахчай" кафесинин күзөтчүсүн сабап, андан кийин бычак урган деп шектелүүдө. УКМК бул боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирип, мушташтын болгонун тастыктаган да, четке каккан да эмес.

Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Токмокто кишини бычактаган адам 8 айдан кийин милицияга өзү келди
Ал эми кафенин администратору 26-апрелге караган түнү спорттук дене түзүлүштөгү 7-8 жигит кирип келип, өздөрүн өтө эле агрессивдүү алып жүргөнүн белгилеген. Бир нече убакыттан кийин ал өз кызматкерлеринен келген жигиттердин үчөө кафенин күзөтчүсүн катуу сабап, андан кийин ооруканага алып кетишкенин уккан.

Бишкек милициясы 26-апрель күнү кечинде гана адам сабалганы тууралуу маалымат түшкөнүн тастыктап, кылмышка шектүүлөр кармалганын кабарлаган.

"Болжол менен саат 00.05те 102 кызматы аркылуу Октябрь РИИБине "Бахчай" кафесиндеги бейбаштык боюнча Б.Э. аттуу жарандан маалымат түшкөн. Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, кийинчерээк жабырлануучу тосмо арыз жазып берген да эч кандай доосу жок экенин билдирген. Кармалгандар УКМКнын кызматкерлериби же жокпу, белгисиз", — дешти милициядан.

Ал эми кафенин ээсимин деген эркек киши мушташ болгонун жокко чыгарууда.

"Мен кафе жабылганга чейин ошол жерде жүрдүм, эч кандай мушташ болгон эмес. Кайым айтыша кетишкен, бирок ЖМКларда жазылгандай эмес", — деди Азамат аттуу киши.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы видеокамераны көрсөтүүнү өтүндү эле, ээси ал жаңы жылдан бери иштебей жатканын айтты. Ал эми буга чейин администратор жабдуу кечээ эле иштен чыгып, аны ремонтко алып кетишкенин билдирген. Мындан тышкары, кафенин ээси мушташ тууралуу кол алдындагы кызматкердин сөзүн таптакыр эле четке кагып, "администратор ал күнү жумуштан эрте кеткенин, мындан улам эч нерсе көрө албаганын" айтууда. 

© © SputnikКафенин кире беришиндеги камеранын чубалгылары жулунуп калган
УКМК кызматкерлери күзөтчүнү ур-токмокко алганбы? Ээси окуя тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Кафенин кире беришиндеги камеранын чубалгылары жулунуп калган

Ал эми кафенин кире беришиндеги камеранын чубалгылары жулунуп калганы көрүнүп турат. Күзөтчүнүн сабалып-сабалбаганы белгисиз бойдон калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0