БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Италиянын тургуну учак менен Лондондон Пиза шаарына келе жатып, авариялык эшикти ачууга аракет кылган. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.
Ага ылайык, бул учурда самолёт 10 чакырым бийиктикте учуп бараткан.
Окуяга күбө болгон жүргүнчүлөрдүн айтымында, эшикти ачам деген киши алгач жини келип, калың пальтосун кийип ажатканага кирип кеткен. Ал жактан чыккандан кийин авариялык эшикти ачууга аракет кылган. Анын бул аракетине экипаж мүчөлөрүнүн бири кыйкырып, жүрөгү түшкөн айрым жүргүнчүлөр ыйлап башташкан.
Бир нече саамдан кийин тартип бузган жүргүнчүнү эркек кишилер креслого отургузуп, учак жерге конгонго чейин кармап барышкан.
Жүргүнчүлөрдүн эсин чыгарган кишини аэропорттон полиция тосуп алганы айтылды.