БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында алгачкы жолу парамарафон өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш 1-май күнү Балыкчы шаарында өтөт.
"Кыргызстанда алгачкы жолу өтө турган парамарафон ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дени сак жашоого үндөө, коомго социалдаштыруу, интеграциялоо жана Паралимпиада оюндарын өнүктүрүү максатын көздөйт", — деп айтылат маалыматта.
Спорттук иш-чаранын катышуучулары төмөнкү тапшырмаларды аткарат:
1. Даун синдромунан жабыркагандар 500 метр аралыкты басып же чуркап өтөт;
2. Майыптардын арабасында отургандар 1500 метр аралыктан финишке жетиши керек;
3. Көзү азиздер жандоочусу менен 3000 метр аралыктан финишке баруусу керек;
Мындан тышкары, моралдык колдоо көрсөтүү максатында марафонго дени сак жарандар да катышмакчы. 16 жаштан 40 жашка чейинки курактагы адамдар 5000 метрлик жарышка түшөт. Ал эми 40 жаштан жогорку курактагылар 3000 метр аралыкка чуркашат.
Парамарафон Улуттук паралимпиада комитети, Балыкчы шаардык мэриясы жана "Ынсап Элим" коомдук фондусу жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюшулуп жатканы айтылды.