Педагогдорго ссуда берилсин. Депутаттын бала бакча көйгөйүн чечүү боюнча сунушу

© AFP / LOIC VENANCEБала бакчадагы бөбөк. Архив
Бала бакчадагы бөбөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
23-апрель күнү интернетке балдардын керебетте 4-5тен болуп, калганы полдо уктаган видеосу тарап, мындан соң коомдо бала бакча тартыштыгы боюнча талкуу күчөдү.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Мамлекет сөзсүз эле ишкерлерге эмес, педагогикалык билими бар, бала бакча иштетүүгө тажрыйбасы жетиштүү жарандарга ссуда берип, колдоо көрсөтүшү керек. Мындай жол менен бала бакча тартыштыгы боюнча абалды жакшыртса болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине парламент депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди.

"Учурда республика боюнча мектеп курагына чейинки балдардын 26,2 пайызын гана бакча менен камсыздай алабыз. Калган 75 пайызга жакынын бакчага киргизүү үчүн мамлекет бир катар аракеттерди көрүп жатат. Мисалы, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачууну каалаган ишкерлерге салык жеңилдиги каралган. Бирок ишкерлерге гана эмес, бала бакча ачуу тилеги күч педагогдорго дагы ссуда берип, шарт түзүш керек", — деди Алтыбаева.

Эл өкүлү бул көйгөй боюнча Жогорку Кеңеште маселе көтөрөрүн кошумчалады.

Алтыбаеванын айтымында, 2010-жылы Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын дупутаттарынан турган комиссия бир топ аракеттерден кийин жеке менчикке чыгып кеткен бала бакчалардын 100дөй имаратын мамлекетке кайратып берген.

Открытие детского сада в селе Гулчо - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 25 миң бала электрондук кезек менен бакча босогосун аттады
Эске салсак, 23-апрель күнү интернетке балдардын керебетте 4-5тен болуп, калганы полдо уктаган видеосу тараган. Көп өтпөй ал Бишкектеги №1 "Шоола" балдар бакчасы экени аныкталып, директору Айнагүл Мадылбаева окуя боюнча түшүндүрмө берген.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманованын 2018-жылга карата берген маалыматы боюнча калаада муниципалдык 85 бала бакча бар. 14 миң орунга ылайыкташкан бакчаларда 25 миң бала тарбияланат.

Жеке менчик бала бакчалардын саны 215ке жетет. Анда тарбияланган балдардын саны 15 миң. Жеке менчик менен мамлекеттик бала бакчалардагы бөбөктөрдү кошуп эсептегенде жалпы 40 миң бала чыгат.

Мейрманованын маалыматына караганда, Бишкекте 6 жашка чейинки 88 миң бала бар. Калган 48 миң бала бакчага барбайт дегенди түшүндүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0