Интернет айдыңында президент Сооронбай Жээнбеков трибунада сүйлөп жатканда аткаминерлер уктап калгандай кадрлар бар видео жарыяланды.
Аны "Жалбырак-ТВ" өзүнүн YouTube каналына чыгарган.
Эске салсак, президенттин маалымат кызматы 22-апрелде Ош шаарында Жээнбековдун катышуусунда телекоммуникациялык форум өткөнүн кабарлаган. Ал "Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү" деп аталган.
Президенттин сайтында жарыяланган сүрөттөр менен тарап кеткен видео бир эле иш-чара сымал түр калтырууда.
Аталган форум биринчи ирет өтүп, ага жалпысынан 500дөн ашык адам катышканы айтылган. Ага Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кызматкерлери келген. Алардан тышкары өлкөнүн бизнес-коомчулугунун, IT тармагынын, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.