00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Хирургиянын малоинвазивдик методдор
15:05
43 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
4 мин
По следам истории
Исторические связи кыргызов и калмыков в эпосе “Манас”
20:05
44 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
21:03
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбеков: cанариптештирүү президенттик ишимдин башкы багыты

Жазылуу
Жээнбеков өз сөзүндө башка мамлекеттерден артта калбай, заманбап коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табуу керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Ош шаарында өтүп жаткан "Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү" аттуу I телекоммуникациялык форумга катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков башка мамлекеттерден артта калбай, заманбап коомду куруп, глобалдуу санарип экономикасында өз ордубузду табуу керектигин белгиледи.

"Санариптештирүү боюнча өлкөбүздү биздин региондогу алдыӊкы орунга алып чыгуу максатын койдук. Эӊ татаал, көп түйшүктү, убакытты талап кылган көйгөй ушул. Мындай тарыхый мүмкүнчүлүк бир келет. Бул максатка жетпесек, санарип дүйнөсү биз үчүн жабык бойдон калат. Жакынкы келечекте экономиканы санариптештирүү аракети төмөнкү үч приоритеттүү багытта жүргүзүлөт", — деди ал.

Өлкө башчысынын айтымында, үч багыт төмөнкүдөй:

Биринчи. Бизнес-процесстерди, өндүрүш байланыштарын санариптик трансформациялоо;

  • финансы жана банк секторуна инновацияларды киргизүү;
  • компетенттүү адистер менен камсыз кылуу, атамекендик компаниялардын ишинин майнабын арттыруу, атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү;
  • экономиканын артыкчылыктуу тармактарында санариптик инфраструктураны жана санариптик платформаларды өнүктүрүү.

Экинчи. Өнөктөш-өлкөлөрдүн санарип экономиканы өнүктүрүү боюнча стратегияларын пайдалануу;

  • "Евразиялык экономикалык биримдиктин 2025 санарип күн тартибин" колдонуу;
  • "Бир алкак — бир жол" программасы аркылуу санарип Жибек Жолун кайра жандандыруу жана регионалдык санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча эл аралык дагы башка демилгелерди колдоо.

Үчүнчү. Санарип технологияларын өнүктүрүү, аларды иштеп чыгууда тоскоолдуктарды азайтуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0