Асылган директорго арыз жазган кызды өрттөп кетишти. Бангладештеги трагедия

Жазылуу
Паранжы жамынган эркектер кызга керосин куюп, андан соң от коюп жиберишкен.

БИШКЕК, 20-апр. —Sputnik. Бангладештик Нусрат Жахан Рафини өзү билим алган мектепте керосин куюп, өрттөп жиберишти. Бул туурасында BBC жазды.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Якутскиде зордуктоого шектелип кармалган эки кыргызстандык камакка алынды
Эки жума мурда кыз директордун ага тийишип, кармалагандыгын айтып, арызданган.

Сексуалдык ыдык көргөн кыз мындайга каршы экендигин тайманбай айтып чыгып, беш күндөн кийин өрттөлүп курман болду. Бул окуя бангладештиктерди бириктирип, консервативдүү түштүказиялык өлкөдөгү көңүл оорутарлык кырдаалга дүйнөнүн көңүлүн бурду.

Медреседе окуган Нусрат болгону 19 жашта эле.

Ал 27-мартта мектептин жетекчиси өзүнүн кабинетине чакырып алып, бир нече ирет кармалаганын, андан кийин качып кеткенин айткан.

Мындай көрүнүшкө Бангладештеги кыз-келиндердин көбү кабылып, бирок жакындары менен коомчулуктан коркуп унчукпай, баарын жутуп жашап келет.

Офицердин айынан

Ал эми Нусраттын окуясы такыр башкача өңүттө өнүгүп, үй-бүлөсү кызын колдоп, жөлөк-таяк болуп чыккан. Кыз полицияга барып, арыз жазган.

Жабырлануучунун коопсуздугуна кам көргөндүн ордуна офицер кыз жагымсыз учурду башынан өткөргөнүн айтып берип жатканда телефондун видеосуна тартып алган.

Насилие над женщинами в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Аялын зордуктаган кишинин жыныс мүчөсүн кесип... Февралдагы кылмыштар
Кадрда Нусраттын коркконунан, ызаланганынан ыйлагандыгын көрүүгө болот. Офицер видеону жергиликтүү журналисттерге берип, ал тез эле социалдык тармакка тарап кеткен.

Өрттөлгөн кыз чакан бир шаардагы диний бүлөдөн чыгып, диний мектептен билим алган.

Видеонун элге тарап кетиши кызды коомчулук күнөөлөп, талкуулап, ал тургай өмүрүнө коркунуч жаралат деген түшүнүк эле. Чындыгында дал ошондой болду.

27-мартта Нусраттын арызынан кийин директор камакка алынган. Көчөгө эл топтолуп, Нусратты күнөөлөшүп, кишини бошотууну талап кылышкан. Кыздын үй-бүлөсү анын өмүрүнө коркунуч жаралганын түшүнгөн.

Жер муштаган агасы

Мындай ызы-чуулуу окуядан 11 күн өткөндөн кийин, 6-апрелде, кыз акыркы экзамендерин тапшыруу үчүн медресеге барган.

Аны мектепте узатып келген бир тууганы Макмудул Хасан карындашы менен чогуу кирүүгө аракеттенип, бирок беркилер каршы болуп койгон. Бул туурасында ал Би-Би-Синин журналистине айтып берген.

"Эгер мектептин ичине мени Нусра менен чогуу киргизгенде ал тирүү калмак", — деген бир тууганы.

Случаи насилия над детьми - Sputnik Кыргызстан
Соттор эми бала зордуктагандардын жазасын жумшартат. Жаңы мыйзам
Кыз класста отурганда чогуу окугандардын бирөө келип, анын курбусун чатырга алып чыгып, уруп жатат дешкен. Чуркап барган Нусратты паранжы кийип алган төрт-беш эркек кармап алып, директорго жазган арызын алып салууну талап кылышкан. Нусрат, албетте, андан таптакыр баш тарткан. Беркилер кызга керосин куюп, андан соң от коюп жиберишкен.

Кылмышкерлер окуяны кыз өзүнө-өзү кол салгандай кылып көрсөтүүгө аракет кылышкан. Бирок денесинин 80 пайызы күйгөн Нусрат ооруканага жеткенде трагедиянын кандай болгонун айтып калууга үлгүргөн.

Полиция канкорлор кыздын башын жаап туруп өрттөшкөндүктөн улам баш териси соо калганын журналисттерге айтып берген.

Жергиликтүү ооруканадагылар ага жардам бере албагандыктан, аны Дакка шаарына жеткиришкен. Күйүк акыры анын өмүрүн аларына көзү жеткен кыз агасынын телефонуна акыркы сөзүн, арызын жазып калтырган.

"Мугалим мени кармалады. Мындай кылмыш менен акыркы демим калганга чейин кармашам", — деп жазып калтырган. Анын өмүрүнө кол салып өрттөгөндөр медресенин студенттери экендигин тааныганын айтып кеткен.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бангладештик келин бир айдын ичинде эки жолу төрөп, үч балалуу болду
Нусрат 10-апрелде үзүлгөн. Аны акыркы жайына берип, коштошууга кичи мекени Фениге миңдеген адам келди.

Полиция 27-мартта баш-аягы 15ке жакын кишини камакка алган, алардын ичинде болжол менен кыздын өлүмүнө себепкерлер болгон.

Директор азыр камакта, ал эми кыздын өмүрүн кооптулукка кептеген полициянын офицери иштен алынып, башка бөлүмгө которулган.

Нусраттын ата-энеси менен жолуккан Бангладештин премьер-министр Шейх Хасин кызынын өмүрүн алгандар жазасын аларына убада берди.

Эми кыз төрөбөйм...

Нусраттын өлүмү өлкө тургундарынын нааразылыгын жаратып, өзүнүн пикирлерин социалдык тармакка жазды.

"Мен өмүр бою кыздуу болоюн деп кыялдангам, эми коркуп калдым. Бул мамлекетте кыз төрөө — коркуп жана тынчсызданып жашоо дегендик", — деп жазган социалдык тармакка Лопа Хоссейн аттуу колдонуучу.

2009-жылы аталган өлкөнүн Жогорку соту бардык мектептерде сексуалдык жактын ыдыкка кабылгандардын арызы жазылган каттарды сала турган кутучаларды ачуу боюнча токтом кабыл алган. Анткен менен муну көп мектептер колдогон эмес.

Активисттер эми бул демилгенин аткарылышын талап кылууда.

Аялдарды коргогон жергиликтүү уюмдун маалыматына караганда, Бангладеште былтыр эле 940 зордуктоо болгон. Ал эми расмий эмес маалыматтарда бул сандын алда канча өйдө экендиги айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0