Бангладештик келин бир айдын ичинде эки жолу төрөп, үч балалуу болду

Жазылуу
Yandex newsTelegram
20 жаштагы Арифа Султана февраль айынын аягында уулдуу болгон. Төрөт эч тоскоолдуксуз өтүп, эне-бала бир нече күндөн кийин үйүнө чыгып кеткен.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бангладештик келин алгач уул төрөп, андан бир ай өтпөй дагы эки балалуу болду. Бул тууралуу ВВС жазды.

20 жаштагы Арифа Султана февраль айынын аягында уулдуу болгон. Төрөт эч тоскоолдуксуз өтүп, эне-бала бир нече күндөн кийин үйүнө чыгып кеткен. Арадан бир нече жума өткөн соң келин дагы бир ирет суу кетип калганын көрөт. Ооруканага барса, жаш эненин ичинде дагы эки бала бар экенин айтышат.

Эгиз ымыркайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык келин эки башка эркектен эгиз уул төрөдү
Көрсө Арифада өтө сейрек кездешүүчү кош жатын синдрому бар экен. Ошондуктан мурдагы төрөтүн кабыл алган дарыгерлер ичинде калган эгиздер тууралуу билген эмес.

Ошентип биринчи төрөттөн 26 күн өткөн соң Арифа Султана дагы бир уул, бир кыздуу болду.

Макалада жазылганына караганда, үч ымыркайдын тең ден соолугу жакшы, жаш ата-эне кубанычта. Болгону келин күйөөсүнүн айлыгы 95 гана доллар болгондуктан, балдарды кантип багабыз деп санаа тартууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0