00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
18:57
2 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сенделип алыс кетпегин, сенин да көркүң атаңда! Акын Эшмамбеттин кеп казынасы

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет акын Эшмамбет Байсейит уулунун санаттарын сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Эшмамбет Байсейит уулу 1867-жылы Таластын Колпоч айылында кедей үй-бүлөдө төрөлгөн. 15 жашынан тарта комуздун коштоосунда ырдай баштаган. 1885-жылы оор турмуштун айынан Кетмен-Төбө өрөөнүнө барып, ал жерде көп жыл жашайт. Акындын ырчылык чеберчилигинин жетилишине Токтогул Сатылгановдун таасири зор, Эшмамбет Байсейит уулу андан көп таалим-тарбия алган. Анын кыргыздын элдик поэзиясына, анын ичинде айтыш өнөрүнө чоң салым кошкондугу айтылат. Кыргыз жергесиндеги көрүнүктүү акындардын дээрлик бардыгы менен айтышкан. Акын 1926-жылы Кетмен-Төбөнүн Чечекти жайлоосундагы Капка деген жерде каза болуптур.

Эшмамбет Байсейит уулунун накыл кептери:

Өмүр, жашоо бардыгы,
Келбейт экен бүркүмгө.
Чын акылың жетишсе,
Чыныңды бурба күкүмгө.
Бул жашоонун чоң жолу,
Сала берет түркүмгө.
Жер бетинде тирилик,
Жайнай берет тирилип.
Алда кайда созулат,
Аккан дайра ийрилип.
Адамзаттын өмүрү,
Ага берет киринип.

***

Алысын жолдун билгизбей,
Адамга канат ат болот.
Акылы жок дос балаң,
Атасына кас болот.
Жаман адам үрпүңдөп,
Жан-жагына тап болот.
Сыпаа тууган болсо да,
Сыйлашпаса жат болот.

***

Ак майы турса илинип,
Ашкана көркү баканда.
Касиет ошол эмеспи,
Карынын көркү сакалда.
Ак жуубаруу кийинсек,
Тазалык көркү жакаңда.
Айдаганың канча эчки,
Алыңды билип таканда.
Тайраңдап ээрчип жүргөндө,
Тайлактын көркү атанда.
Сенделип алыс кетпегин,
Сенин да көркүң атаңда.

***

Кеп айтпагын жаманга,
Кеңешпегин нааданга.
Кези жок жерден кекээрлеп,
Кесири тиет адамга.
Оргу-баргы сүйлөбө,
Очокту бекер үйлөбө.
Өнөрүм арткан экен деп,
Өзүңдү бекер күүлөбө.
Жигиттин дарты сүйгөндө,
Жаранын дарты күйгөндө.
Ичинде кандай сыры бар,
Ишене бербе күлгөнгө.

***

Чилденин көркү саратан,
Жадабайт куштар канаттан.
Кутула албайт акылсыз,
Кутурма оору адаттан.

Жаңылыктар түрмөгү
0