Камчы кармап биймин деп, кутургандар көбөйдү! Туяк ырчынын олуялыгы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз
Кыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет ойчул акын Туяк Эрназар уулунун санат-насыяттарын сунуштайбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Туяк Эрназар уулу болжол менен 1856-жылы азыркы Кадамжай районунун Пум айылында туулган. Атасы Эрназар Пум айылындагы төөлөс уруусуна караштуу карынчы уругунан чыккан. Атасы жашаган жеринде кадыр-баркы бар, таланттуу уста болгон. Анын усталыгы кийин уулуна да өткөн. Бирок Туяк ырчы ата-энесинен эрте ажырап, жакын агалары болуп келген Эшназардын колунда калат. Жаштайынан жамактатып ырдап, комузда, кыл кыякта ойной билип, музыкалык аспаптарды да өз колу менен чаап, жасап алчу экен. Акындын "Акыр заман", "Не болосуң замана?", "Замана" аттуу чыгармалары бүгүнкү күнгө чейин жеткен.

Туяк Эрназар уулунун накыл кептеринен:

Адамзатка эмне үчүн,
Тең болбодуң замана?

Көк асмандай жайылып,
Кең болбодуң замана?

Coo адамдан оору көп,
Эм болбодуң замана.

Жалгыз-жарым жардыга,
Дем болбодуң замана.

Эшигиңде эч ким жок,
Элеңдеген көбөйдү.

Бирөөлөрдү бирөөгө,
Тукургандар көбөйдү.

Камчы кармап биймин деп,
Кутургандар көбөйдү.

***

Бирөөнүн жары жар болбойт,
Сулуулардын жүзүндө,
Суктантпаган кал болбойт.

Өмүрлүк сүйүп үйлөнгөн,
Эр-азамат кар болбойт.

Билсе жакшы-жаманды,
Көкүрөгү тар болбойт.

Өсө турган эр жигит,
Ар убак намыс, арды ойлойт.

***

Боло турган жигиттин,
Зиреги өсөт акылы.

Парасаттуу жан болот,
Никелеп алган катыны.

Жаркыраган ай сымал,
Бүркөбөйт кабак-кашыны.

Элге, журтка көрсөтпөйт,
Көзүнөн аккан жашыны.

***

Акыр заман болордо,
Уулуң кетет Урумга,
Кызың кетет Крымга.

Мингениң темир ат болот,
Окуганың кат болот.

Береке кетип үйүңдөн
Агайын тууган жат болот.

Жокчулук келип жылоолоп,
Загыра наның кант болот.

Аялың укпай сөзүңдү,
Бетиңе карай дап коет.

***

Акыр заман болордо,
Тараза таштан алдашат,
Айыкпас илдет жармашат,
Бирин-бири каргашат.

Кусурга калып акыры,
Караңгы көргө жайлашат...

Жаңылыктар түрмөгү
0